www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку ажо менен менен колтукташып кыргызды соруп, мансапка жетем деп, абакка чукулдап, коңулдан чыккан коңуздай, котур ташын койнунан алып чыгып, вице-премьерге жеткен соң элге жагынуу максатында опурталдуу сөздөрдү сүйлөп, өкмөттөн куулуп чыккан. Корголоп жашынып жаткан кезде бийлик алмашып, кийинки ажо менен колтукташып өкмөттү соруп, элди дүрбөтүп коюп, жең ичинен ар кимден коньяк ичип, жакындарын кызматка койгондугу үчүн, ооз ачып элди карай албай жүргөн премьер бар. Анын өтө тууганчылдыгы элдин көкөйүнө көк талкандай тийди. Бүгүн Илимдер Академиясынын Философия институтунда жетекчини шайлоо болот. Биринчи эмес, экинчи ирет. Анткени, биринчи ирет Абылгазиевдин жээнин жетекчиликке шайлабай коюшкан. Бирок Илимдер Академиясынын жетекчиси Абылгазиев менен соодалашып, өз жакынын Социалдык фондко жетекчи орунбасары кылып алган. Анан кантип анын жакынын Философия институтуна жетекчи кылбай койсун. Абылгазиевдин бул жээни өтө орой, Абылгазиевке таянып алып мактанганды сүйгөн адам болгондуктан, политехтен кубаланып келип, ушул институтка байыр алганы менен элдин сүйкүмүнө ээ болгон эмес. Биринчи шайлоодо шайлабаган шайлоочулар Илимдер Академиясынын жетекчиси Абылгазиев менен алардын башын аттап экинчи шайлоодо муну жетекчиликке алып келерин кайдан билсин. Аны «байкабай кулатып» алгандар, эми «тыкыр иштетилген соң» экинчи ирет шайлоо болгон турат. Кээ бирөөлөр коркутулуп, кээ бирөөлөргө акча бергендей. Эгер шайланбай дайындала турган болсо эчак  жетекчи болмок Абылгазиевдин жээни Саралаев жөн киши эмес, анткени фамилиясы башка болгону  Абылгазиевдин чоң атасы багып, Абылгазиевдин үйүндө өсүп, чоңойгон. Кимдин, кимдин заманы Абылгазиевдин заманы болду го. Кайда барса да элди ойлобой өз капчыгынын өтөлгөсүнө чыгыш үчүн өнтөлөп, жалаң иштин көзүн билбеген жакын тууган «койлорду» бийликке алып келатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

«NazarNews.kg»

Последние новости