www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимов тууралуу эл арасында тургай Кыргызстанга гана эмес, дүйнө жүзүнө белгилүү академик, профессор алтын колдуу ортопед Сабырбек Жумабековдун айтканын эске салсак.

--Райымбек Исмаилович мага көп оорулууларды жибере баштады. Кээде ал менден, "Ушундай жардамга муктаждар оорулуулар барбы? Жардам берейин…", деп сурайт. Мен адашпасам 300дөн ашуун жарандарга демөөрчү болуп берди. Өзгөчө бизде имплант, муундарды, омурткаларды алмаштырууда адамдар ыйлап келишет, ошондо мен Райымбекке чалам, бирок ал мага, "мен баарын сатып берем, бирок атымды атабай эле, бир адам жардам берди деп эле коюңуз" – дейт. Мен баарын ачык айтып атам. Ушундай адам Райымбек Исмаиловичтин башына кара булут каптап жатат, - деди, дүйнө жүзүнө белгилүү академик Сабырбек Жумабеков.

Эске сала кетсек, коомчулукта кандайдыр бир Батыштын кызыкчылыгын көздөгөн тараптар Райымбек Матраимовду бир беткей каралап келишет. Алсак ошол эле Али Токтакуновдун изилдөөсүндө Бажынын төрагасы К.Кулматов жана Атамбаев тууралуу бир дагы сөз айтылган эмес. Алсак Матраимов, Сапар Исаковго окшоп музейден жыгач аттарды 14 500 евродон сатып алып, ТЭЦке бөлүнгөн 386 миллион доллардын, 111 миллион долларын уурдагандай – мамлекеттин казынасына кол салдыбы? – деген суроо жаралат. Матраимов мамлекеттин казынасына, элдин байлыгына кол салган эмес. Ал жүз миӊдеген бизнесмендерге жеңил товар алып келүүгө шарт түзүп берген. Райымбек Матраимов Бажыда иштеген жылы бажы салыгы пландан ашыкча чогулган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости