www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун толугу менен 2027–2028-жылдары бүтүрүү пландалууда.

Өлкө башчы жол башында начар жана шашылыш түрдө долбоорлонгондугун, курулуш учурунда көптөгөн көйгөйлөрдүн келип чыккандыгын белгиледи.

"Айрым бөлүктөрдө таш кулоо, кар көчкү жана сел коркунучу, ошондой эле көпүрөлөрдөгү көйгөйлөр бар. Учурда бул маселелер чечилүүдө.

Жол ушул жылы ачылышы керек болчу, бирок алар жетишпей жатышат. Ошондуктан, ал жайында — июнь айынан ноябрга чейин — убактылуу ачылып, кайра кышында жабылып, жол оңдоо иштери улантылат.

Жолду жакшыртуу үчүн бюджеттен дагы 100 миллион доллар талап кылынат", - деди Жапаров.

Жапаров долбоордогу кемчиликтерге карабастан, жол бүткөрүлөрүн кошумчалады. Ага дээрлик 1 миллиард доллар инвестицияланган.

Последние новости