www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият мекемелерине 117 жаңы унаа тапшырылды

Бүгүн Бишкекте Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу маданият мекемелерине 117 кызматтык унаа тапшырылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана маданият өкүлдөрү катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен маданият тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, маданият инфраструктурасын жаңылоо, чыгармачыл жамааттарды колдоо жана кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча системалуу иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, 117 унааны сатып алууга 176,9 млн сом бөлүнгөн.

Последние новости