www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2013-жылы Кара-колдо «Кумтөр» компаниясына каршы митинг уюштуруп, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди тарапташтары тарабынан барымтага алдырууга айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап кайрылганы белгилүү болду. Анын адвокаты Шарабидин Токтосуновдун айтымында Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылганына бир ай убакыт болуптур. Учурда анын арызы президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия тарабынан каралып жатканы белгилүү болду, - деп жазып чыкты “Факты.kg” гезити бүгүнкү чыккан санында.

С. Жапаров А. Атамбаевдин убагында камакка алынганы белгилүү. Бирок, ага карата козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары саноо негизсиз. Себеби, 2013-жылы Караколдо болгон митингде С. Жапаровдун туугандары, эжеси да катышканы белгилүү. Анан дагы Э. Каптагаевди барымтага алып, бир нече саат бою кармап отурушкан машина дагы С. Жапаровдун эжесине таандык экени ошондо эле айтылган.

Демек, Садыр Жапаров өзүнүн бул кылмыш ишин жокко чыгара албай турганын түшүнгөндөй болгон өңдүү. Президенттен ырайым сурап кайрылганы эле анын өз күнөөсүн мойнуна алганы болуп саналат эмеспи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости