www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште башкалардан акылдуу жаш депутат бар. Аты Жанар Акаев.

17-ноябрь эл арлык студенттер күнү эмеспи. Ал эми бизде жаштардын саны өлкөнүн жалпы санынын 30 пайызын түзөт. Анан калса алар добуш бере турган укукка ээ өтө чоң катмар. Эми бул акылдуу депутат бул күндөн пайдаланып, Ош шаарында студенттерди борбордук аянтка чогултуп, эстрада ырчыларды ырдатып,  жаштарды таттуу сөздөр менен тойгузуп келди. Албетте, жаман эмес, каршылыгыбыз жок дечи. Бирок бул эл өкүлү шайлоо алдындагы үгүт иштерин эртелеп баштап алган жокпу деп турабыз.

Кызыктай эле көрүнүш болуп калды өзү. Студенттер менен ошончолук эле жолуккусу келсе, эстрада ырчылары катышкан майрамдык шоу-программаны коюп, өзү жаштарды университеттин же театрдын чоң залына чогултуп алып, суроо-жооп кылса пайдалуураак болот беле деп турабыз. Бирок, кайра туруп эстрада жылдыздарынын колдоосу жок аудиторияны топтоо дагы оор болуп калат эмеспи дедик. Ошентип,  беш жылда бир келүүчү ырчылардын майлуу-сүттүү сезонун Жанар Акаев ийгиликтүү лентасын кыркып бериптир. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости