www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: «Премьер-министрлик кызматы жоюлат»

Премьер-министрлик кызматы жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн телеграмдагы каналына жазды.

Президент бири-бирин кайталаган мамлекеттик ишканалар, кызматтар жокко чыгарыларын жана ал үчүн убакыт талап кылынарын билдирди.

«Алдыда дагы жок дегенде 6 ай убакыт талап кылынат, ага чейин кечээ бекиген жаңы өкмөттүн мүчөлөрү өзүнүн ишин элге иштеп көрсөтөт. Ал арада жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынышы күтүлүүдө. Жаңы кабыл алынган Конституциянын жана жаңы мыйзамдардын негизинде жаңы реформалар, жаңы өзгөрүүлөр, жаңы таза кесипкөй кадрлар дыкат конкурстук текшерүүдөн өтүп келүүсү мыйзамдын чегинде гана жүрөт», – деп жазган президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости