www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле жактоочу Шарабидин Токтосунов, президенттик аппараттын кызматкерлери "бюрократтыка” жол берип жатышканын фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анда айтылгандай, ырайым суроо үчүн Садыр Жапаровдун тарапташтары андан президентке арыз жаздырышкан. Андан бери ортодо бир ай убакыт өткөнүнө карабай өлкө башчысынан жооп болгон эмес. Тагыраагы президенттик аппарат ал арызды, улам бир тарапка “паст” кылып, футбол ойунуна айлантышкан.

Мындан улам Токтосунов, арыз өз дарегине жетпегенине толук ынанып, социалдык түйүн аркылуу кайрылууну эп көргөн.

“-Соц түйүндөргө чыкса тез эле жетет эмеспи. Президент өзү айткан: «Текебаев менен Жапаров арыз жазса, мен ырайым менен гана жардам бере алам» деп. Менин билишимче Садыр Нуркожоевичтин туугандарын чакырып, арыз жаздырып келсеңер чыгарабыз дешкен. Садыр Нуркожоевич арыз жазды, эми президенттин жообун күтөлү. Буюрса жакын арада чыгып калаар?”, - деп жазат жактоочу Токтосунов.

Садыр Жапаров ал жазган арызында Атамбаевдик режимдин саясий буйрутмасы менен өзүнүн күнөөсүз олтурганын билдирет.

“-Элди алдашыбыз мүмкүн. Бирок, Кудайды алдай албайбыз. Барымтага алууда менин кымындай да тиешем жок экенин Кудай көрүп турат. Бирок ошентсе да, 2017-жылдын 25-мартынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатам. Ушул аралыкта күйүттүн айынан атам менен энем көз жумушса, кечээ жакында балам Дастан бул дүйнө менен кош айтышты. Азыр жакындарым оор ахывалда турушат. Ушуга байланыштуу мага ырайым берип, абактан бошотууңузду өтүнөмүн. ” – деп жазылган Жапровдун президентке жазган ал арызында.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча күнөөлөнүп, 2017-жылдын 2-августундагы Биринчи май райондук соту тарабынан 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Кызыгы аталган кылмыш иште башкы жабырлануучу катары каралган Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев, Жапаровко эч кандай доосу жок экенин айтканы менен ал эске алынбай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости