www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Россия жана ЕАЭБ биримдиги боюнча өзүнүн терс пикирин парламенттик шайлоо күнү журналисттер менен болгон маегинде билдирди.

Ал өз сүзүндө “Союз деген кечээги күнгө караганда бүгүн жакшы жашаш үчүн керек. Биз экономикабызда ар дайым жоготууларга дуушар болуудабыз. Кечирип койгула “”на хрена” бизге мындай союздун кереги бар. Жыл сайын кандайдыр бир чектөөлөр киргизилип жатат. Эгерде биздин конституциябызга, фундаменталдык принциптерибизге каршы келе турган документ иштелип чыкса мен интеграция боюнча бир дагы документке кол койбойм. Биздин эң негизги принцибибиз бул – эгемендүүлүк” – деди Александр Лукашенко.

Чындыгында, ЕАЭБ бир гана Белоруссияга баш оорутма болбостон, биздин карапайым эл үчүн дагы баш оорутма болду. Биздин конституциябызда дагы жарандар үчүн тандоо эркиндиги берилген. Бирок ЕАЭБдин айрым талаптары биздин андай мүмкүнчүлүгүбүздү ачыктан-ачык четегенге иштелип чыккандай. Атйсак, жаран кандай унаа айдагысы келсе анда тандоо эркиндиги болушу керек.

Бирок, Россия өзүндө өндүрүлгөн сапаты төмөн унааларды ЕАЭБ өклкөлөрүндө сатуу максатында үчүнчү өлкөдөн алынып келинген унааларга бажы төлөмдөрүн 10 эсеге жогорулатуу тартибин ойлоп чыккан. Муну менен жакын арада Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Россиянын “Жигули”, “Лада 09”рын минип калуу коркунучу алдында турат. Бул бир гана мисал. Бул жерде чектөө болуп, адамдын мыйзамда каралган укугу бузулуп жатабы? Демек, эгемендүүлүгүбүздү алдырып койгон болобузбу? Жок дегенде бир Лукашенконун моюн сунбай жаткандыгына “тобоо” дейли...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости