www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевди колдогон кишелер көп эле, бирок көпчүлүгү анын көчүгүнө суу куяп келатат:

Эмил Каптагаев, Атамбаевдин Ысык –Көл облусундагы губернатору, - Эмилбек мырза Атамбаевди жамандаса асман жарылып кетет. Каптагаев 2010-жылы- Убактылуу Өкмөттүн президенттик аппараттын жетектеп турганда Убактылуу Өкмөттүн биринчи премьер-министри  Алмазбек Шаршенович  болгон. Каптагаевге ушул кишиден сак болуңузчу деген көп эле билдирүүлөр бар эле. Каптагаев ынанган эмес, Атамбаев келсе гана Кыргызстан өсөт деген мотив менен Атамбаев өтпөсө да өткөрөм  деп, 2010-жылы октябрда Атамбаев өтүш үчүн болгон аракетин кылган. Учурда Атамбаевди жамандаса жер жамандап барбасын, элдин үшүн алат.

 

Иса Өмүркулов- Атамбаевдин убагында Бишкек шаарынын мэри, Атамбаев СДПК фракциясынан депутат кылып, ушул фракцияны жетектеткен.

Иса Өмүркулов эгер Нурсултан Назарбаевди “Журт атасы” десе туура болмок, ант кени ал ушул наамга татып турам деп менменсип трут, бирок кошоматчылыгы жанып кетип Беш-Сарыда дачасында бирдеме куюп берип жүргөн Атамбаевди даңктагысы келген. “Журт атасы” чоң наам кыргызда анча –мынча кишиге айтыла бербеген, Усубалиев жый    ырма беш жыл бийлеген соң эл акыны Майрамкан Абылкасымова Усубалиевге арнап “Журт атасы” деген поэтикалык саптарды арнаган, бул саптар ошол мезгилде эле унутта калган. Ал эми Беш-Сарыдан “беш мантек” жеген Иса Өмүркулов Атамбаевди “Журт атасы” дегени менен бир жылдан соң “Журт куртту” дей баштаган. Эми мен солто деген саяктын айтымы да.

 

Канат Исаев- Атамбаевдин “Кыргызстан”  кол бала партиясын жетектеп парламентке келген. Канат Исаев Атамбаев берген бийликке биринчи түкүрүп койду. Атамбаевдин экс-президент катары  кол тийбестигин алыш үчүн жан далбастап жүрүп алды. Атамбаев адам кылган Канат Исаев эми кимге барат?

 

Кожобек Рысбеков – Кожош айнек сатып акактап жүргөндө, бийликке келген. Атамбаев бирдеме “лып” этип алганда кимдир бирөөгө үстөмдүгүн көрсөтүш керек эле. Кожошту чакырып алып курсакка үч уруп Комитет жетекчиси кылган, ОШОЛ БОЙДОН УНУТУП КАЛДЫБЫ ДЕСЕК Алмазбек Шаршенович “занимать” эткизи келгенде Кожошту чакырып алып курсакка урганды жакшы көрчү.

Бул сөз уланар...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости