www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Садыр Жапаров бир айдан кийин жатак абагына чыгарылат.  Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Замирбек Базарбеков маек берип жатып билдирген.

Анын айтымына караганда, мыйзам боюнча Жапаровдун түзөтүү колониясындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарылат.

"Биз толук ынануу үчүн Молдовановка айылындагы №1 колониянын жетекчисине эки жолу кат жөнөткөнбүз. Ал Садыр Жапаров "6-февралда жатак абагына которулат" деп расмий түрдө жооп берди. Шарты боюнча өз үйүнө чыгарылып, маал-маалы менен абакка барып каттоодон өтүп турат. 2019-жылы ишке кирген Жазык кодекси боюнча соттолгон жаран жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин колониянын жетекчисинин чечими менен эле бошотулат. Демек, Жапаровду жатак абагына которуу үчүн сот отуруму болбой турганын түшүнсөк болот", — деген жактоочу.

Эске салсак,  Садыр Жапаровду 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн Кыргызстанга кирери менен "Ак-Жол" чек ара бекетинен УКМК кызматкерлери кармаган.

Себеби экс-депутат,  "2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган" деп айыпталып, 10 жылга кесилген. Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жазасын өтөп жатат.

 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости