www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия, жалган Ливиянын Улуттук армиясына таандык согуштук учактарынын Триполидеги Аскердик окуу жайдын жатаканасына болгон кол салуусун катуу айыптаганын билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында «Жалган Ливиянын Улуттук армиясына таандык согуштук учактары тарабынан 4-январда кечинде Триполинин түштүгүндө орун алган Аскердик окуу жайынын жатаканысына болгон жана көп сандаган курсанттын каза табышына жана жаракат алышына себепчи болгон кол салууну катуу айыптайбыз», деп жазылган.

Анда, «Хафтердин жалган Ливиянын Улуттук армиясынын кол салууларынын токтотулушу жана Ливияда ок атышпоонун камсыздалышы, Хафтерге көрсөтүлгөн тышкы колдоонун соңуна чыгарылышы үчүн эл аралык жамааттын дароо керектүү кадамдарды таштоосу шарт», деген баа берилгенин айткан.

Ал эми, бул кол салуудан 30 киши каза тапканы, 33 кишинин жаракат алганы жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости