www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран ракеталарын согуштук аракеттерге даярдады. Бул тууралуу чет элдик булактар анонимдүү америкалык чиновниктин сөзүнө таянып жазышты.
“Ирандын ракеталары тезинен согуштук аракеттерге даярдык көрдү. Бирок бул аракети коргонуу же кол салуу үчүн даярдалганы азырынча белгисиз”,-деп айтылат маалыматта.
Кабар берген чиновниктин айтымында АКШ Ирандын ар бир кыймылына көз салып, байкап турат. Кырдаал Американын тыкыр көзөмөлүндө деп билдирген ал.
Эске сала кетсек, Трамп Ирандын эң абройлуу, таасирдүү делген генералы Касем Сулейманини өлтүрткөндүгүн ырастап, аны "№1 террорист" деген жана бул кадамын АКШны “коргоо” деп түшүндүргөн.
Ирандын жетекчилиги да өз кезегинде бул абалга жооп берип, мүрт кеткен генералы үчүн “өч алууга убада берди”. Окуялар курчуп отуруп, бүгүнкү күндө АКШ да, Иран да кайым айтышуусун токтотпой, бирин-бири коркутуу менен шугулданууда. Бул арада дүйнө эли согуш башталып кетеби деген тынчсыздануу менен кырдаалга тыкыр көз салышууда.
Булак:NazarNews