www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-январда мыкты, өзгөчө үндүү Орунбасар Кызалаков Бишкек шаарында каза болгон. Анын сөөгү дароо кичи мекени Таласка жеткирилген. Убагында кадырланбай калган бул ырчы “Талас таңшыйт”, “Биздин өзөн” ж.б ырлары менен калың элдин оозуна алынган. Маалым болгондой Орунбасар Кызалаков көп жылдан бери ашказан оорусуна чалдыгып жүрүптүр. Бул ирээт дагы Бишкек шаарына ашказанын даарылатуу үчүн келип, тилекке каршы ажал Орунбасар Кызалаковду алып тынды. Белгилүү болгондой ырчы буга чейин молдован элинин кызына үйлөнүп, экөө эгиз уулду болушкан. Бирок, кийин түгөйлөр эки жолго түшүшкөн. Бул тууралуу Кызалаков жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде «Мага үй-бүлө бактысы буюрбагандай. Биринчи Москвада жүргөндө молдован кызга үйлөнгөм. Экөөбүз Таласка келип жашадык. Анан мени аскерге алып кетип калышты. Аны болсо апасы алып кетип калыптыр. Апасы алып кеткен соң намысым жол бербей, мени кабардар кылбай кетип калды деп, мен да барбай койгом. Экөөбүздүн эгиз балабыз бар. Алар 35 жашта, катташып турабыз. Андан кийин кыргыз кызын алгам. Андан дагы 2 балам бар. Бирок ал экөөбүз дагы жашабайбыз. Жашоодо жалгыз эле келе жатам», - деген маркум Орунбасар Кызалаков.
Булак: Nazarnews.kg