www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-декабрда "Айыпсыз абакта жаткан Садыр Жапаровду колдоо штабынын" демилгечилери жана ага колдоо көрсөткөн экс-депутаттын тарапташтары Садыр Жапаровду колдоо үчүн тынчтык акциясы өтөрүн 24.кж агенттигинде болгон жыйынында билдиришти.
Жыйынга Асанбек Жуматаев, Оморбай Нарбеков, Шергазы Мамбетов, Каныбек Осмоналиев, Соонунбүбү Кадырова , Садырбек Сагынбаев катышты. Аталган жыйында тараптар президентти, сотторду адилет, калыс чечилсин деген ойлорун айтышты.Ошондой эле Кыргыздын эр азамат жигити Садыр Жапаровду элге чыгарып берүүнү суранышты
Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган. Бирок, ырайым кылуу боюнча комиссия анын кайрылуусун ЖАМКка кайрадан документтерди карап чыгууну айтышкан. Анда кээ бир документтер жетишсиз болуп чыккан.
Эске салсак, сот 2017-жылы Садыр Жапаровду “мамлекеттин өкүлүн барымтага алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жарым жылга эркинен ажыраткан болчу. Анда 2013-жылы Каракол шаарында митинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынып, анын уюштуруучусу катары Садыр Жапаров шектелген болчу. Бирок, буга чейин Эмилбек Каптагаев сотто бул ишти кайра кароосун өтүнүп, Садыр Жапаровго доо арызы жок экендигин билдирип келген.
Булак: NazarNews.kg