www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминаледен айрым экспонаттар ызы-чуудан кийин алып салынды. Ал тургай маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов сүрөт музейинде журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, өң-алеттен кетти. 

Мындай улуттук талкуудан кийин кимдин-ким экени билинип, социалдык тармактар ызы-чууга түштү.  Талкуулардын бири саясатчы Эмилбек Каптагаевдин пикирин окурмандарга сунуштайбыз...

...Топуракты кош колдоп уучтап асманга сапырып жакшы эле чаңдаттык окшойт... Эми эсти жыйып, демди басып, болгон окуянын чоо-жайына баа берсек болобу дейм...

Биринчиден, чуулгандуу көргөзмөгө уруксаат берип, аны уюштурууда Маданият министирлиги да, Музей жетекчилиги да кош көңүл мамиле кылышкан, сырткы "аялзатынын укуктары" деген ураанга алданып, ички мазмунуна көңүл бурушкан эмес. Бул анык маселе. Болбосо улуттук наркка туура келбеген, биздин учурдагы абалыбызга тиешеси жок, коомдо натуура кабыл алынуучу нерселерди алдын ала эле четке кагып, тууралап, түздөп коюуга болот эле. Андан көргөзмөнүн мазмуну кемип калбайт болчу. Тетирисинче, негизги максатка доо кетпейт эле.

Экинчиден, чуу чыгаруунун башкы фактору болуп экс-президент Роза Отунбаеванын ошол жерде болгону, ошондон пайдаланып уюштурууну демилгечилеринин биринин сүрөткө түшө калып Фейсбукка мактаныч (өзүн-өзү жарнамалоо) катары жарыялап жибергени болду. Бул жагдайды болсо ар кандай себептер менен (таарыныч, ич күйдүүлүк, көрө албастык, саясий кучунаштык... сыяктуу) Роза Исаковнага "тишин кайрап" жүргөндөр "жакшы" пайдаланып кетишти, болгон окуяны дагы, айтылган сөздү дагы бурмалап, фейк-аккаунттарды колдонуу менен мекенчилдик жана жеке инсандык сезимдерди козутуп, шыкактап, мен жогоруда жазгандай күл-топуракты асманга чачып будуң-чаң кылуунун аракетин кылышты...Бирок аша чаап кетишти, Роза Исаковнаны жаманатты кылабыз деп жатып өздөрүнүн жүзүн ачып, бир сыйра күлгө оонап да алышты боз-ала болуп. Ошону менен, эгерде Отунбаева ал көргөзмөгө барбаганда бул иш-чарага эч кандай деле көңүл бурулбай, бейөкмөт уюмдардын көп ишинин бири катары өтүп кете бермеги да анык болуп калды. Ал эми Роза Исаковнанын беделин мындай жеңил- желпи жалаа, обу жок каралоо, чектен чыккан мазактоо менен түшүрүп салуу мүмкүн эмес экенин баарыбыз эле түшүнүп, билип турабыз го дейм. Тескерисинче, буга чейин сыпаакерчиликтен улам кеңири жарыя болбой келген иштери ачыкка чыгып, өзүнүн Фондусу аркылуу, эл аралык уюмдарга мүчө болгону, ал жактагы жеке аброю аркылуу өлкөбүздө турмушка ашырылып жаткан, элибиздин келечегин аныктай турган долбоорлору кеңири жарыя болуп, коомчулуктун көңүлү бурулуп калды. Бул албетте, Роза Исаковнанын аброюн мурдагыдан да жогору көтөрөт.

Үчүнчүдөн, бул чуунун чыкканынын да жакшы жагы болду, коомдо "улуттук нарк, улуттук дөөлөттөр, улуттук ар-намыс" - деген түшүнүктөр куру эле сөз эмес экендиги, өлкөдө бул ыйыктыктарга туура келбей турган нерселерге жол берүү натуура иш экендиги бийлик түзүмдөрү үчүн дагы, карапайым калк үчүн дагы ачык болду. Бул жагдайга маани бербей коюуга мүмкүн эмес экендигин түшүндүк.

Эң башкысы бул окуядан туура жыйынтык чыгаруу, сабак алуу го дейм...деп жазган Эмилбек Каптагаев...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости