www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция деп Атамбаевди карап, үрүп отура берген заман өттү. Эми билекти түрүнүп коррупция менен күрөшпөсө Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчысы катары чабал болуп жаткандай.Депутат Максат Сабиров журналисттик иликтөөлөргө токтолуп, анда ант берген офицерлердин айткандарына көӊүл бурду.

«Анда ант берген чек ара кызматкерлери – майор Камчыбеков менен улук лейтенант Осмонбеков «Манас» аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен акчалар кантип ташылып турганын айтышкандыгы үчүн кылмыш иши ачылып качып жүрүшкөндүгүн айтып жатышат»,- деген депутат биз кандай шартта жашап жатабыз деген суроо тууларын баса белгиледи.

«Бул жөн маселе эмес, бул мамлекеттик коопсуздук. Баарын акыйкат териштирип чыгуу керек. Алардын айткандарына реакция кылуу зарыл. Карап чыгып, палатада талкууланууга тийиш»

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости