www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий коррупциянын кесепеттери…

Кыргызстан саясий коррупциянын туткунунда экенин мурунку макалада аталган эле. Ал мамлекетке эбегейсиз ар тараптуу зыяндарды алып келип, өлкөнү тушап cалган. Ага далилдерди эң жаңы окуя алып чыкты.

26-январда Бишкек Жылуулук борборунда авария болду. Абдан катуу суук түшкөндө борбор жылуулуксуз калды. Калк кыйынчылыктарда калды. Өкмөт кырсыктын себеби эмне экенин так айта элек.

Бул Жылуулук борбору Кытайдын 386 млн. доллар насыясына модернизацияланган.  Анан бир жыл өтпөй эмне болду?  Алып келинген жабдуулардын сапаты начарбы же сапатсыз курулганбы?  Жасалган иштер мына ушунча каражатка турабы?

Суроолор  көп. Бирок жооп жок. Жооп ала турган өкмөт, Башкы прокуратура, УКМКаны мындай кой, Жогорку Кеңеш 386 млн. доллардын кандай жумшалганын, модернизация кандай жүргүзүлгөнүн текшерүүгө батына албайт. Анткени баарын саясий коррупция тушап салган. Коркутуп, жүрөгүн алып койгон…

Саясий коррупция сотторду багынтып, алардын колу менен эрктүү саясатчыларды абакка салды. Учурда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Канат Исаев, Бекболот Талгарбеков абакта олтурат. Ага чейин Келдибеков, Ташиев, Түлеев, Жапаров жана башкалар абакка салынып¸эркин сындырууга аракет жасалды.

Соттун жана тартип коргоо органдарынын колу менен жасалган мына ушул диверсиядан Жогорку Кеңеш эрксиз, коркок жана мокок органга айланды.

Элдин, жарандык коомдун, журналисттердин ындынын өчүрүп, кайдигерликти күчөттү.

Саясий коррупция Кумтөр аферасынын уланышына кеңири жол ачты. Мамлекет миллиарддаган сомдук зыянга учурап, абдан олуттуу экологиялык кесепеттер жабылуу  бойдон калтырылды.

Саясий коррупция “коррупцияга каршы күрөшүү” деген ураанды пайдаланып, саясий атаандаштарынын оозун жаап, өзүнүн эбегейсиз коррупциясына жол ачты…

Саясий коррупция кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат. Төбөлдөр соттор, тартип коргоо органдары аркылуу  бошотулду. Батукаевдин шерменделик менен бошотулушу саясий коррупциянын эң бир айкын көрүнүштөрүнөн…

Саясий коррупция шайлоолордо мамлекеттик органдарды, өзүнүн кызмат абалын болуп көрбөгөндөй карөзгөйлүк менен пайдаланып, жандимиликтин туу чокусуна жетти…

Булак: "elnews.media"

Последние новости