www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эгер Россияны кимдир бирөөлөр кыйроого учуратчу болсо алар коммунисттер да эмес, анархисттер да эмес, каргыш тийген либералдар болот".
Федор Михайлович Достоевский
Ооба, бул жерде "элита" деген сөз тырмакчага алынган себеби
- саясатта элита (франц. elite - мыкты) деген түшүнүк болбойт, Анткени саясат - балит нерсе. Ал эми балит нерсе мыкты болушу мүмкүн эмес.
Ошол себептен саясатта жүргөндөрдү көпчүлүк эл жана көпчүлүк убакта: "Бул шылуундар, шүмшүктөр бул жерде эмне кылып жүрүшөт?" - деп сурашат.
Жообун өзүңүздөр жакшы билесиздер: бийлик - байлык
- мансап акыры ошол көр дүйнө жана куу чирени менен бирге чирип жок болушат. Албетте, аларды бул жерде атап отуруунун эч кандай кажети деле жок, анткени аларга киндик каны тамган Ата мекенинин бир ууч топурагы да буюрбай калышы мүмкүн... А мыкты адамдарыбыз болсо, кадимки эл катары өзүлөрүнүн кылган иштери жана адамга кылган мамилелери менен элдин оюнда, тилегинде жана жүрөгүндө түбөлүк жашап келишет жана мындан ары да жашай беришмекчи. Мисалы: Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Насирдин Исанов...
Классиктер айткандай: "Ар бир окуя бул турмушта биринчи жолу трагедия, экинчи жолу фарс катары кайталанат" эмеспи. Ооба, ошондой фарс өткөн 5-апрелде TVнын 5-каналында "Бешинчиде бешөө" берүүсүндө кайталанды. Катышуучулар, белгилүү инсандар: Исмаил Исаков, Рыскелди Момбеков, Бегаалы Наргозуев, Кыяс Молдокасымов жана алып баруучу журналист Керим Айдаров. Талкуунун темасы: "Кыргыз элинин улуттук элитасы".
Талкуунун жүрүшүндө өзөктүү маселе катары: "Акаевге кошомат кылган, андан кийин Бакиевди байырлап, андан өтүп Отунбаеваны коштогон, андан ары Атамбаевди айланчыктап жүрүп, эми Жээнбековдун чачпагын көтөрүп, жемин жеп жүргөндөр элитабы же башкаларбы?" деген суроо кабыргасынан коюлду. Албетте, катышуучулардын ар бири өзүнүн билгенин айтып, өзүнүн позициясын сактоого аракет кылышты, бирок Исмаил Исаков мырзадан башкасы өзүнүн позициясын башкаларга таңуулап, бирөөнө акыл үйрөткөнгө чейин барышкан жок. Эмне себептен?
Ооба, бул турмушта адамдын адамгерчилик сапаты бир жакшылыкта, анан бир жаманчылыкта билинет эмеспи. Анын сыңарындай мисал катары, кыргыз элинин башынан өткөн кайгылуу "Ош-2010" окуясынан бир-эки үзүмдү айта кетели:
1.2010-жыл, 24-июнь, "Учур" гезити: "Түштүктөгү кан төгүлүүгө кимдер жооп берет? Дал ушул окуяны алдын алып, эл тынчтыгын сактоого болот беле? Түштүк аймакта эл башчысы катары Исмаил Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Мелис Мырзакматов, Бектур Асанов сыяктуулар текей терип жүрүшпөсө, анда неге алдын ала чараларды көрүшпөдү? Бул адамдарды тарых соту мезгили келгенде соттой турганы айтылууда".
2.2010-жыл, 24-июнь, "Асман.KG" гезити: "11 июнда Ош-Алай жолунда жайгашкан өзбек улутундагы жаштар Фурхат айылынан өтүп, Кыргыз-Чек айлына баратканда кыргыз армиясы БТР менен келип калып эч нерсе кылбай туруп калган. Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков учуп барышат. Өз айылын коргоп турган 300дөй болгон кыргыз балдарга барып жолугушат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү турган элге ачуулуу сүйлөшөт. Кыргыз балдар ага карабастан алардан: "Алдыга түшүп өзбек туугандарды токтоткула, бул жаңжал өзбектерге да, бизге да кереги жок, өзбек балдарда курал-жарактар көп" деп жардам сурап жатышканда, Фурхат тараптагы махалладан чыккан балдар ок атып келе жатканын көргөн тигил экөө (Бекназаров, Исаков. прим. К.Т.) вертолетко түшүп учуп кетип калышат. Ошентип 1-2 күн эки эл өзү менен өзү болуп калат..."
Ооба, азыркы заманда "мен элитамын" деп элди дүрбөтүп, курултайдан курултайга чакырып, элге акыл үйрөтүп, акылмансынган арсыздардын кечээки басып өткөн жолу жана бүгүнкү портрети тилекке каршы, ушул... Бирок аталган теледебаттын жүрүшүндө Кыяс Молдокасымов менен Рыскелди Момбеков мырзалар Кыргызстанда жана кыргыз элинде ар дайым чыныгы таза жана мыкты инсандар болуп келгенин жана азыр дагы бар экенин айтышып, алар күнүмдүк бийлик конъюктурасына эч качан аралашпай кадыр-баркын сактап, эл үчүн тынч кызматын өтөп, карапайым калктын сый-урматына татыктуу жашап жатышканын айтып өтүштү.
Айтайын дегеним, азыркы убакта элдин ыркын бузуп бирин-бирине кайраштырып, бирин-бири менен чабыштырып жаткан кадимки бузуку, маскарапоз жана радикалдуу күчтөр, эң таң калычтуусу так бийликтин өзүндө болуп жатканы өзгөчө өкүндүрөт!.. Анткени "тиги тигинтип жатат, бул минтип жатат" деп өкмөткө таандык телеканалдары менен гезиттери күнү-түнү тынбай айгайлап жатышканына карабастан, Бишкек шаарынын борбордук аянтында: "Сооронбай Жээнбеков кетсин!", "Шал парламент кетсин!", "Мажүрөө өкмөт мүчөлөрү кетсин!", "Коррупциянын ана башы - соттор кетсин!", "Зөөкүр укук коргоочулар кетсин!" деген плакат, транспаранттарын көтөрүп алышып, Ак үйдүн алдында кылкылдаган эл деле көрүнбөйт. Кайдагы оппозиция? А-у, оппозиция, кайдасыңар? Оппозиция жок.
Бул эмне деген геосаясат?
Кеп өткөн 8-мартта борбордук аянтта Ак үйдүн алдында айтылуу либерал-демократтар, укук коргоочу НПОшниктер жана белгилүү гомосексуалисттер коштогон феминисткалардын гейпарады бийлик өкүлдөрү тарабынан атайын уюштурулганы ушул убакытка чейин айтылып келет. Анткени азыркы кыргыз мамлекетинин негизги кредиторлору: Бүткүл дүйнөлүк банк (БДБ), Эл аралык валюталык фонд (ЭВФ) ж.б. Эл аралык финансылык уюмдардын шарты боюнча кыргыз өкмөтү ошол батыш өлкөлөрүнүн ошондой "баалуулуктарын" колдобосо, кезектеги кыргыз мамлекетине берилүүчү кредиттер берилбей калышы мүмкүн. Анда эле Жогорку Кеңештин жана кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн шору катпадыбы. Акча жок карайлап кайда барышат, кантип оокат кылышат? Ал эми кыргыз мамлекетинин экономикасын өстүрүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу максатында Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү сот бийлиги менен биргеликте күнү-түнү тынбай мыйзам жазып иштешип, инвесторлорго экономикалык жактан пайдалуу жана укуктары корголо турган мыйзам ченемдүү шарт түзүп бериши керек экен. Мындай шартта албетте, бекер оокатка көнгөн байкуш мамчиновниктерге батыш тараптан келип жаткан бекер гранттар менен "жеңилдетилген" кредиттерден башка дагы эмненин кереги бар? Ооба, айрыкча ошол себептен кыргыз мамлекетинин тышкы саясаттагы ориентири дагы ошол батыш өлкөлөрүнүн анткор "боорукерлигине" жана канкор "кулчулук" саясатына баш ийип, "мы придерживаемся многовекторной внешней политики" деген жеңил ойлуулугу чындыгында кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгына доо кетирген кадимки чыккынчылык геосаясат экенинде шек жок.
Мындай саясаттын трагециясы:
1. Кылым карыткан кыргыз элинин генофонду (канынын аруулук тазалыгы 63% түзгөн R1а гаплогруппасы) бузулуп калышы мүмкүн.
2. Азыркы жаштарыбыздын нравалык тазалыгы жана моралдык туруктуулугу киндиктен ылдый түшүп кетпейт деп ким кепилдик бере алат?
3. Тиги дүйнөгө барганда ата-бабаларыбыздын арбактарына эмне деп жооп беребиз?
Ал эми бийлик корккон эл болсо азырынча тынч эле күнүмдүк иши менен алек болушуп, "дагы эмне деген сөз чыгат болду экен" деп жана "жанагы май көл, сүт көлүн көрүп калсак болот эле" деп тамашалашып күлүп коюшуп күтүп отурушат... Ооба, бүгүнкү күнү Кыргызстанда бийлик тарабынан мокочо кылып көрсөтүп жаткан "жети баштуу желмогуз-оппозиция" деген неме жок жана болушу да мүмкүн эмес. Анткени азыркы бийликтин оппозициялык күч же бир оппозициялык кыймыл жарата турган бир дагы көзгө көрүнөөрлүк иши болбой жатпайбы... Бул жерде баягы эле бир жарым жылдан бери жөн гана айтылып келаткан: "Биз коррупцияны жеңебиз, сот адилеттигин орнотобуз, жарандардын укугун коргойбуз, өрөөндөрдү өстүрөбүз, карыздарды төктүрөбүз, коррупционерлерди каматабыз, жаңы турмушту жаратабыз!" деген эле "жалындуу" дежурный сөздөр...
Бийликке оппозициянын эмне кереги бар?
Ооба, бийлик өз алдынча конкреттүү бир иш баштап, ал ишти ордунан жылдырып, бир жыйынтыкка келгенде гана ошол иш боюнча оппозициялык ой, кыймыл-аракет да пайда болушу мүмкүн.
Бирок тилекке каршы, бул бийлик өткөн жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган мамлекеттик үч бийликтин: мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги тарабынан "Каргыш тийген коррупцияны жеңүү максатында сот, укук коргоо жана күч органдары тарабынан кардиналдуу реформа иштери жүргүзүлөт" деп жар салып, жалындуу сөз айтылгандан бери иш жүзүндө эч бир даректүү иш-чаралар көрүлүп, эч бир натыйжа чыгара албай жатат.
Бул арада бир гана кайгылуу окуя болуп өттү. Ал албетте, ЖЭБдеги күтүүсүз авариянын кесепетинен бир топ бийлик төбөлдөрүнүн камакка алынышы. Мындай шартта бийликке кадимки эле кесипкөй, прагматик, иштин көзүн билген жана анын аткаруу технологиясын туура түшүнгөн адистер гана жетишпей. жаткансыйт. Чындыгында азыркы учурда ал адистердин көпчүлүгү ишсиз, бош жүрүшөт. Анткени алардын бийликте бир таанышы же жээк-жааттары болбосо, же пара берип ишке орношконду билишпесе, албетте, айласыздан акырын өз иштери менен алек болушуп унчукпай жүрө беришет да. Ал эми жогоруда айтылган бийликтен-бийликке көчүп, өзүнүн гана жеке кызыкчылыгы үчүн энесин да сатканга чейин бара турган эргулдар албетте, бийликке жагыныш үчүн күндө бирөөнүн көчүгүн чукуп, КТРКга, ЭлТРге, 5-каналга чыгып алышып сөөмөйүн көрсөтүшүп: "Мына, көрдүңөрбү, тиги тигинтип, бул минтип, биздин ишмер өкмөтүбүздү иштетпей жатышат. Ошондуктан биздин адилет сотубуз, кайраттуу укук коргоочуларыбыз аларды кармап, камап, сазайын колуна бериши керек. Антпесек биз өнүгө албайбыз!" - деп, көзүнүн жашын көл кылып, чыңкылдатып чынысын чертип, анда-санда бир уу суусун ууртап коюп, кыйратып салгансып кыйын киши болуп ары-бери басып жүрүшөт.
Ооба, ошолордун бири - белгилүү теле алпаруучу Нарын Айып.
Кыргызда айтат го: "Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети" деп.
Анын сыңарындай, ошондой чагымчыл, жалданма, убактылуу конъюктурщиктердин кесепетинен Кудай эле сактасын деп туралычы...
Анткени акыл-эси ордундагы ар бир адам албетте, андай Арзыматтардын ашкере анткор истерикалык ыкмаларын абдан жакшы билишет жана түшүнүшөт. Ошол себептеy "ач кулактан - тынч кулак" дегендей, көпчүлүк эл аларга теңелбей, ар кимиси өз алдынча билген иши менен алек болуп, акырын үй-бүлөсүн багып, эл-журтун сактап келишет.
Либералдар кимдер?
Либерал - (лат. liberalis - эркин ойлуу, орус. вольнодумец).
Энциклопедиялык сөздүк боюнча: Либерализм - парламенттик түзүлүштү жактаган буржуазиялык идеология жана коомдук-саясий агым.
Бирок менимче, коомдун бардык эле түрлөрүндө либералдар болушу мүмкүн, Мисалы, илгери 20-кылымдын акыркы жылдарында, мен-менсинген НАТОнун карчыга генералдары Советтер Союзунун алдында кол куушуруп турган убакта, ашынган либералгенсек Михаил Сергеевич Горбачевдун "кайра куруусунун" кесепетинен дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн Совет империясы кыйроого учурап, 150 млн, совет элинин тагдыры жаңы тарыхтын тепсендисинде калбадыбы!..
Ошондой эле тагдыр Борбордук Азиядагы өнөр-жайы өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдүн бири - Кыргыз Республикасы дагы ашынган либерал-демократ Акаевдин "кыйратып, кайра куруу" программасынын негизинде бир жылдын ичинде кыйроого учурап, 70 жыл чогулткан элдин, мамлекеттин мүлкү бийликтеги шулуун менен шүмшүктөрдүн менчигине айланып жок болбодубу. Ишсиз калган жүз миңдеген жаштарыбыз өзүн жана үй-бүлөсүн багыш үчүн ушул күнгө чейин сыртта - Россияда, Казахстанда, Америкада, Австралияда бирөөнүн короосун шыпырып, кирин жууп, ит көрбөгөн кордуктарды көрүп жер кезип, тентип жүрүшпөйбү. Эмне себептен?
Кыргыздарда айтылуу кеп бар го: "Адамдын ниети оңолмоюн иши оңолбойт" деп. Анын сыңарындай, кыргыз мамлекетинин башына өзүмчүл либерал-демократ эмес, мекенчил-патриот инсандар келмейинче кыргыз элинин, жалпы эле кыргызстандыктардын бул турмушунда да оңолуу процесси жүрбөй калышы мүмкүн.
Бул менин оюм эмес. Бул ар бир коомдун өнүгүү жолундагы мыйзам ченемдүү логикасы - аксиома. Бул кыргыз мамлекетинин 28 жылдан берки эгемендүулүгүнүн жүрүшүндө бийликтин элге калтырган ачуу сабактары.
Мына президент мырзанын акыркы жолу парламент аркылуу элге кайрылуусунда: "Дагы бирдеме десеңер мыйзам ченемдүү чара көрүп коем..." деген күтүүсүз кезең сөзү көпчүлүктү абдан эле сестендирип койду.
Жок, андай болбойт, президент мырза жана болушу да мүмкүн эмес! Анткени "эрегиштен ким ээрден таярын" эч ким билбейт. Азырынча бир Кудайдан башка...
Андан да кыйыны:
- мыйзам бузган - жазасын алып, бир күнү кайра келет айылына,
- ал эми ант бузган - эч качан элине кайтып келбейт...
Бул менин сөзүм эмес. Бул Калыгул атанын сөзү. Ойлонгула, айланайындар...
Урматым менен, Карыбай ТУРУСБЕКОВ
Булак: "Фабула"