www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттин мурунку башчысы А.Атамбаев бийликтин бардык бутактарын узурпациялап, негизи жок, жалган жалаа менен кудайдан жөө качкан алдамчылардын көрсөтмөсүнө таянып саясий опоненттерин камакка алганы бардыгыбызга маалым.

Азыркы Президент Ата-Мекен партиясынын лидерин 60-жылдык юбилейи менен куттуктап, акыйкаттыкка үмүт жандырганы менен 2019-жылдын 3-майында Жогорку Сот Омурбек Текебаев жана Дуйшон Чотоновдун иши боюнча чыгарган чечиминен кийин Президент С.Жээнбековдун ишмердигине баштапкы бааларды берүүгө болот деп эсептейбиз!

Бир аз күн мурда сот чындыкка кулак какпастан саясатташкан кылмыш иши боюнча камаган С.Жапаровдун ишин кайра карап, 10 жылга кести, ал эми 4 жылга жатак-абагына кесилген, А.Капаровдун иши Ош шаардык сотунда каралып мурунку соттун чечими күчүндө калтырылып, азыркы учурда Балыкчы шаарында жатак-абагында эки жарым жылдан ашык убакыт өтсө да, карантин шартында кармалып жатат.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбековдун жаза мөөнөтүн жатак-абагына өткөрүү боюнча ишин кароо улам создуктурулуп, жогор жактан сигнал кутуп, кабыл алынат турган чечимге жоопкерчилик алгысы келген киши жоктой сезилет.

Ал эми саясий негизде камалган – Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун ишинде эч кандай кылмыш курамы жок болсо да, алар быйыл жыл башында күчүнө кирген жаны кылмыш-жаза кодексине ылайык мөөнөттөрү кыскартылып, толугу менен мөөнөттөрүн отуруп чыгышты. Бекболот Талгарбеков жана Элдик парламенттин эркиндикке чыккан эки мүчөсү да жаӊы кылмыш-жаза кодексине ылайык толугу менен акталбай, шарттуу түрдө бошотулду.

2018-жылга чейинки саясий негизде камалган саясий туткундардын иштери кайра каралууга тийиш болсо да, мыйзам алдында алардын актыгын далилдөө иштери ордунда калууда! Саясий туткундарды коргоо комитети: Азыркы бийлик экс-президент Атамбаев менен саясий конъюктурадан улам прокуратура, сот, тергөө органдарындагы атамбаевчылардын туткунунан чыга албай жатат деген чечимге келди.

Жогоруда аталган кылмыш иштерин, күч органдары жана Фемиданын жактоочулары туташ мыйзамсыздык менен жоктон бар кылып токуган кылмыш иштери үчүн бүгүн жооп бергилери келбеси бышык.

Бүгүн да, эртеӊ да алар жогортон келген буйрукту кыӊ этпестен аткарууга даяр. Алардын колунда ар кандай саясий оппонентке каршы жаӊы өкүмдөр дапдаяр тургандай, бул индульгенцияга укук берип, мыйзамдуу жазадан качууга шарт түзөт. Бийликтин таянар тоосу мына ушуга окшогон 200-300 «күн-карамалар» экенин эл байкап билип турат, ушул күнкарамалардын айынан бийликтин эл алдындагы бедели кетүүдө. Коомдун ишенимине кирүү канчалык оор болсо, аны жоготуу ошончолук жеӊил.

Волейбол турниринен тартылып, алынып жарыяланган бир сүрөт эле Кыргызстандын Адилеттүү Мыйзам жана Мыйзамдуу тартип жөнүндөгү кыялынын быт-чытын чыгарган коррупциялашкан саясатчылардын мыйзам алдындагы эки жүздүү стандарттын ачык көрсөттү. 2005- 2010-жылдардагы ынкылаптардан кийинки кыялдар жарк этип барып, жок болду…

Эки жүздүү кыргыз саясаты ушул жол менен бара берсе чет элдик жана жергиликтүү алдамчылар тарабынан уурдалыптонолуп чөлгө айланбайт деп ким кепилдик бере алат. Саясий туткундарды коргоо комитети: Бардык саясий туткундарды эркиндикке чыгаруу талабыбыз күчүндө калат, алардын саясий реабилитациясын талап кылабыз жана талап кыла бермекчибиз! Мекен кимге ыйык болсо, Адилеттүү сот, Мыйзамдуу тартипти жактагыла деп чакырабыз! Жана биз менен чогуу Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдон чет элдик донорлордун акчасына жасалган кагаздагы реформалар эмес, чыныгы реформалар аркылуу “Уюшулган мафиялык бандиттик кландан” тазаланууну талап кылууга чакырабыз!

Саясий туткундарды коргоо комитетинин торагасы С Аргынбаев Саясий туткундарды коргоо комитетинин чечими менен.

7- Май, 2019-жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости