www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулда Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык болгон. “Рейнж-Ровер” унаасы башкы консул Сопоковдуку болгон. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, Эркин Сопоков октябрь айында дипломаттык номерин кайтарбай туруп, «Рейндж Ровер» автоунаасын сатуу үчүн “Рамадан туризм” деген автосалонго таштаган. Ал эми Саймаитинин жанында эмне үчүн унаасы туруп калганын түшүндүрүп бере алган эмес. Ошондуктан ал кызматтык эрежени бузгандыгы үчүн кызматтан алынган.

Мындан сырткары да Сопоков буга чейин эрежелерди бузганы айтылды. Сопоков айдоочусу Хавазов менен көп жолу жол эрежесин бузган, консул сөгүш алса, айдоочу кызматтан бошотулган.

Эми каза болгон Саймаити менен консулдун ортосунда кандайдыр бир байланыш бар болуп чыкса таң калбаганга даярданып туралы...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости