www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралияда Венди Маккой аттуу жаран Network 10 телеканалын көрүп отуруп, Актуанет Латуф аттуу журналисттин моюнундагы шишикти байкап калган.

Көрөрман журналист кыздын  калкан безинин чоңоюп кеткендигин, тезинен доктурга кайрылыш керек экенин телеканалдын Facebook'дагы баракчасына жазган. Телеканалдын редактору бул туурасында алпаруучу Латуфка айкан. Бирок, ал көпчүлүктөн түрдүү комментарийлер келе берет дегенсип, көңүл бөлгөн эмес. Ошентсе да Антуанет Латуф эфирди кайрадан башынан карап чыккан, бирок, өзүнө эч нерсе байкалган эмес. Кыздын тукумунда калкан безинен ооругандар көп болгондуктан, ойлонбостон эндрокринологго барып  жазылган.

Анализдердин жыйынтыгында, кызда шишик жана аутоиммундик оорулар бар деп чыккан. Эгерде кыз өз мезгилинде доктурларга  кайрылбаганда, нормалдуу дем ала албай, тамак жута албай калмак экен.  

Бул окуядан кийин, журналист көрөрманына ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсак, эки баланын апасы Антуанет Латуф учурда Network 10 телеканалында алпаруучу болуп иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости