www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбул шаарында ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалгандарды полиция имаратына алып келген учурдагы видеону түрк басылмалары чыгарды. Видеодон полициянын эки унаасы менен үч кишин алып келгенин көрүүгө болот.

Эске салсак, 11-ноябрь күнү кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аттуу жаран Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан. Ал, 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эле. Кыргызстанда талкуу жараткан Айэркен Саймаитиге кол салуу болгон учурда, ал Кыргызстандын Түркиянын Стамбул Башкы консулдугунун дипломаттык номери тагылган Range Rover үлгүсүндөгү унаа менен жүргөнүн түркиялык сайттар жарыялашкан.

Бүгүн Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылаарда Түркиянын түштүгүндөгү Адана аймагынан кармалган. Алардын экөөсү кыргызстандык Хусейин Ахматалиев, Абдуллах Энвер жана сириялык Али Исбех экендиги айтылган. Алар суракта Айэркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости