www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, саламаттык сактоону, калкты медициналык тейлөөнү жана Кыргыз Республикасынын медицина чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн саламаттык сактоо тармагынын чет өлкөлүк бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.

«Достук» ордени менен:

Джошибаев Сейтхан — кардиохирург, Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын «Кардиохирургия жана трансплантология илимий-клиникалык борбору» жоопкерчилиги чектелген шериктигинин директору;

«Даңк» медалы менен:

Ван Чжэнь — профессор, Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Хэбэй медициналык университетинин Биринчи госпиталынын кардиотерапия кафедрасынын жана бөлүмүнүн башчысы;

Ким Алексей Иванович — кардиохирург, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин «А. Н. Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы улуттук медициналык изилдөө борбору» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин туубаса жүрөк кемтиги менен туулган ымыркайларды жана бир жаштагы балдарды реконструктивдөө хирургиясы бөлүмүнүн башчысы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Михайлова Елена Владимировна — «Газпром» ачык акционердик коомунун 105-департаментинин начальниги;

Приймак Владимир Викторович — «Газпром» ачык акционердик коомунун Социалдык демилгелерди колдоо фондунун башкы директору.

Последние новости