www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аида Салянова карапайым элге бекер юридикалык жардам бере турган долбоор баштаганы жатканын маалым кылды. Бул тууралуу: “Өз укугун жакшы билгендер куугунтукка кабылып жатса, катардагы адамдар жардамга андан бетер муктаж. Биз го укугубузду, мыйзамды билебиз. Ал эми укугун билбей жабыркаган карапайым адамдар өтө көп.
Мен азыр өнөктөштөр менен ошол багытта жакшы жумуш баштадым, элге кеңири жана бекер юридикалык кеңеш берүү боюнча. Бул социалдык, коммерциялык жана укуктук чоң долбоор болот” - деп билдирди. Учурда Салянованын иши Жогорку сотто каралууда. Кийинки отурум 22-майга белгиленди. Ал соттон акталса, депутаттык маңдатын кайра кайтарып алышы мүмкүн экенин да айтты.
Булак: "Фабула"