www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, учурда жашоонун шаңы такыр башка нукка бурулганын ушундан улам билсек болот, адам баласын ойго салган арзуу дагы акчага сатылып, байлыкка көз каранды болуп калганын тана албайбыз.
Айткандай чындык ачуу, бирок чындыкты көтөрө билүү да керек. “Арзуу акчага сатылып калды” деп айтканыбыздын жөнү бар. Анын себеби, жаш кыздар карыган текелерге акчасына гана байланып, экинчи аял болуп тийип жатканы эле арзуунун сатылганынан белги берип жатканы жалганбы? Бир курдай газета сатылган базарга бара жаткам. Бөкөнбаев менен Совет көчөсүнүн кесилишинен өтө берген жерден өңү түсү келишкен, арыкчырайынан келген, музоо кирпик, кымча бел, аркар шыйрак, ак куу моюн, кош мамасы төшүн тиреген, ууртунан күлкүсү төгүлгөн, оймоктой оозу, жаңырган айдай чийилген кара кашы, жумуртканын агындай аппак болгон нур тамган жүзү, шыңгыр үндүү, айжамалы келишкен жаш келинге жолуктум.
Анын келин экенин колундагы шакегинен улам билдим. Шыңгыр үнү менен мага кайрылып калды:
-Байке, саламатсызбы, ушул жакта газета базары бар экен го, кантип барсам болот?-деп калды.
Мен жай үн менен гана:
-Мен ошол жакка бара жатам, чогуу басыңыз-дедим. Экөөбүз чогуу басып бара жатып, кобурашып калдык. Ооба, ал базарга өзүн алаксытыш үчүн газета –журнал сатып алганы бара жатканын айтты. Айткандай базардан кайра чогуу чыгып калдык.
Жаш келин арманын кимге айтарын билбей жатса керек, анан мага эбин келтирип:
-Байке, эгер убактыңыз болсо азыраак менин сөзүмө көңүл бура аласызбы?-деп калды.
Мен каршы боло албай башымды ийкесем жылмая карап:
-Анда бир жерге олтуралычы-деп, жол жээгиндеги олтургучтадын биринен орун алдык.
Келин өзүнүн ысмын айтты:
-Менин атым Салима. Айтылуу Токмок шаарында туулуп өскөм. Бир үйдүн улуу кызы болом. Жакында турмушка чыккам. Чыкканым курусун. Тийген күйөөм менен үч жыл сүйлөшүп жүрүп,сүйүп-күйүп эле тийгем. Ал турсун тоюбуз “Алтын –Ажыдаар” ресторанында болду. Келген кишилер биздин тойго кызыкты. Анткени той абдан жогорку деңгээлде өттү. Теңтуш кыздарымдын ыраазы болгонун айтпаңыз. Бирок, биз үйлөнгөндөн үч күндөн кийин, тийген күйөөмдөн ушунчалык көңүлүм калып, жашоо мага кызыксыз селилип жатат. Эмнеге-дебейсизби? Ушунча жыл бирге жүрүп, Аргендин мындай жаман жигит экенин билбептирмин.
“Сага жеттим, эми сен кайда бармак элең”дегенсип, өмүрү укпаган сөздөр менен сөгүп, кулакка жат кептерди айтканда, мен жашоомон жаңылып, тагдырым такыр тескери жолго түшкөнүн билдим. Ал мага минтип айтты “сага жетүү үчүн канча акчам короду, үч жылда. Сен анын бирин дагы билген жоксуң” дейт. Ушул эми жигиттин айта турган сөзүбү. Акчасы коросо акыры ал мага жетти да. Алганга чейин минтип айтчу эле “ бул жашоодо сенден өткөн сулуу жан жок” деп. Анан сулуу жанга жетип алып, акчасын эсептегенин мага барынан катуу тийди.
Ишенесизби, мен тийген күйөөмдөн бала төрөгүм келбейт. Андан көрө согончогум канабай калганы жакшы. Дегеним, андан төрөгөн бала дагы баскан изин санап, бир байкуш кызды бактысыз кылары турган иш. Айткандай мен тектүү жердин кызымын. Тектүү жердин баласына тийип, жакшы уул- кыздарды төрөсөм жакшы болмок. Азыр жанымда кара чаар жылан жаткансып, денем андан качып, ал турсун ал жашаган үйгө дагы баргым келбей жатат. Айтыңызчы, мен мындан ары кандай кылсам болот? Чынын айтсам мен, ата-энемди жана тойдо берилген баталарды гана кыя албай, өзүмдү кыйнап жашап жатам. Арманым аттын башындай.
“Кыз баланын багы барган жеринен ачылат” деп айтылат эмеспи.
Ооба, адамдар сыртынан сыр беришпегени менен ичтеринде жаман сапатты катып жүргөн адамдар бар экенин мен билбептирмин. Айткандай, кайын атам дагы зыңгырап, сыртынан сыр бербегени менен ушунчалык сараң, майда киши экен. Ошол кишиге түтүп жашаган кайын энеме боорум ооруйт. Карасаңыз, уулу Арген дагы атасын жазбай тартып майда, сары эсеп болуп калганын. Ошол себептен мен сараң, ичи кир, ою арам балалуу болгум келбейт. Кайын энем дагы менин абалымды байкап калса керек. “Газета базарга барып газета-журнал сатып алып окуп, өзүңдү алаксытып келчи” деп жиберген. Чынын айтсам азыр мага жашоо көңүлсүз болуп калды. Алкашты тарбиялап алса болот. Бирок калыптанып калган адатты, жаман мүнөздөгү адамды кантип тарбиялап алууга болмок эле.
Кыскасы, байке ушул менин тагдырымды жазыңызчы, кыздар “сүйдүм-күйдүм” деп жаман күйөөгө тийип алып, менин тагдырымды кайталап калышын каалабайт элем. Балким мени башка бир жакшы сапаттагы бала ала качып кетсе, мен аны менен бактылуу жашайт белем. Анткени ал бала мага катуу сөз айтып, көңүлүмө көлөкө түшүрбөйт эле да. Кыз баланын бактысы, алган күйөөсүнө жараша болот экен. Салима айткан ар бир сөз мага ушунчалык таасир берди.
Көрсө, бакыт бир гана сүйүү анан байлык менен чектелбейт белем. Кыздар, бардык нерсе убактылуу. Турмуш куру да оңой эмес, Салиманын тагдырын кайталап калбагандай болгула.
Б. Б
Булак: NazarNews.kg