www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салмагың кандай саясатчы?
NazarNews ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип турабыз. Бул жолку каарманыбыз – Данияр Амангелдиев?
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев барбы деген суроо бүгүн коомдо актуалдуу болуп турат. Дегенибиз, аталган кызматка барганы бары-жогу билинбей, кумга сиңген сууда ың-жыңы чыкпай калды.
Албетте, буга дейре мурунку кызматтарында деле анчейин чеке жылыткан, алкышка эгедер боло турган жыйынтык көрсөтө алган эмес. Айталы,Токмок мэри болгондо шаардын инфратүзүмүндө кандай өзгөрүү, жаңылануу алып келгени белгисиз. Андан соң Экономика министри болду, бирок элге “жарыгы тийди” деп айтууга негиз болчу натыйжаны күндүзү чырак менен издеп табуу кыйын.
Кызыгы, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” болгон арбөк чиновниктер жогорку кызматка тез көтөрүлөт окшойт. Муна Амангелдиевдин басып өткөн жолу тастыктап турат десек аша чапкандык болбойт.