www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самара Каримова социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу кызматтан алынгандыгына пикирин билдирип төмөнкү постту жарыя кылган.
Анда (өзгөртүүсүз жарыяланат): «Менде баары жакшы. Ар бир нерсе кудайдан. Жараткан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын жүрөгүмдөн кабыл алдым. Мен сынбайм. 3 балам турганда кайратым ташка чапса сынбайт. Эне жүрөгү тоодой бийик болот. Өнөр адамы катары, музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зээриккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун! Тобокелге салып, меценат тартып, проект жазып, 2 жылда гүлдөтүп коймокмун.
Ойчулдун оюу бүткүчө, тобокелчинин иши бүтчү эле... Мейли, насип деген нерсе бар! Менден башка жакшы адам келип ондоор... Үмүт кылам жана тилектешмин. Өнөр адамдары абдан назик. Сулуу, кооз, көркөм жерде жашаса, окуса өнөр өөрчүбөйбү... Окуу жайдын жамаатына, улуу ага-эжелер сиздерге абдан ыраазымын. Бир да жаман сөз айтпай, кучак жайып тосуп алдыңыздар. Мен сиздерге ден соолук каалайм. Өзүмдүн кадырымды дагы бир жолу сездим!
Мен деген оңой адам эмес экенмин! Менин кичинекей кызматка келишим көп адамдын уйкусун бузат экен... Кээ бир чоң кызматта иштеген агаларымдын көкөйү кайнайт экен. Бирок айтаарым, кучактап отурган креслодон кетээриңер менен эл унутат. Кудайым берген талантым менен мен деген элдин жүрөгүндө болсом керек. Атагым ааламга, даражам дүйнөгө таанылгыча эмгектенем. Мага жата калып бут тоскондор мен силерге капа эмесмин. Ыраазымын! Ылайым менин куттуу, төгүлгөн дастарконумдан чай ичкиле!
Көп сөз бар эле, бирок менин мүнөзүм аял болсом да эркекче! Бир айтам, бирок кайтпайм! Өзүмдүн оюм менен жашайм! Жакшы сөз жазып, жакшылык каалаган замандаштарым, баарыңыздарга чоң рахмат!», - дейт ырчы өз сөзүндө.
Булак: NazarNews.kg