www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Республиканын айрым жерлеринде союздун тушунда курулушу башталып, арабөк калган мектептер бар. Мисалы, андай көрүнүштөрдүн бири Панфилов районуна туура келет. Андагы 1990 – жылдары салына баштаган мектеп бүгүн да бүтпөй турат. Шамалдуу – Сай шаарчасында дагы 1988 – жылдан бери токтоп турган мектеп бар. Ошондуктан, мындай курулушу узакка созулган билим берүү мекемелерин тезинен бүткөрүп, жаңыларын салууга азырынча мораторий киргизүү сунушталган”, - дейт ЖК депутаты Алмазбек Эргешов бүгүн, 1 – ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде. 

Ошондой эле депутат Жалал – Абад областынын Аксы районундагы Жылдым айылындагы М.Барпиев атындагы мектепте бир дагы гүл өспөгөндүгүн айтып, буга андагы курулуш матералдарынын курамынан бөлүнүп чыккан уулу заттар себеп болуп олтургандыгын мисалга келтирди. Мындай мектепте окуган балдардын саламаттыгына да олуттуу доо кетип жаткандыгына ким жооп берет? – деген ойлондуруучу чоң суроо тургандыгын кошумчалады эл өкүлү.

Нарын областынын Кочкор районуна караштуу Туз айылында дагы арзан жана тез салынуучу материалдардан тургузулган мектептин ишке берилгени да кыйла көйгөйдү жаратып жаткандыгын уктурууга катышкан Мамлекеттик курулуш агенттигинин Жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыров билдирди. Ошондой эле чатырларда окутуу иштерин улантып жаткан мектеп тибиндегилердин абалы да чукул арада чечилиш керек. Муну өкмөттүк деңгээлде карап жатабыз, - дейт адис.

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова да жогорудагы Кочкор районундагы Туз айылындагы мектепти курууга убагында Түштүк Кореядан келген фонд колдоо көрсөткөндүгүн билдирди. Ошондой эле ал, - кандай гана фонд, инвесторлор келбесин иштин арзандыгына карабастан, сапаттуулугуна баа берүү зарылдыгын кошумчалады . 

Радиопрограмманын жүрүшүндө балдар бакчалары менен мектеп имараттарынын курулуштары тууралуу маалыматтар айтылып, бул багыттагы угуучулардын суроолоруна жооптор берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости