www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда дүйнөлүк FIFEX  жарманкеси өтөт

2019-жылдын 11-13 – январь күндөрү Түркиянын Анталья шаарында, футбол индустриясынын форум жана жарманкеси FIFEX (Football Industry Forum & Exhibition) болуп өтөт. 

FIFEX жарманке аянтчасында чет өлкөлүк жана Түркия Республикасынын футбол жаатындагы өкүлдөрү жана катышуучулары жолугуп, өзүдөрүнүн заманбап продуктыларын жана технологияларын сатып алуучуларга жана футбол клубтарынын менеджерлерине сунушташат. 

Бул жарманке спорт алкагында эң маанилүү болуп саналат. Анткени жарманкеде программалоодон баштап текстилге стадион салуудан баштап аны камералар менен жарыктандырууга чейин, футбол мектебинен футбол академисына, азык-түлүк кошундуларынан медициналык жабдуулардын өндүрүлүшүнө, тренинг адистеринин анализдеринен спорт товарларынын өндүрүүчүлөрүнө чейин иш алып барган компаниялар менен жакындан таанышып, иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кызыккандар FIFEX - 2019 жарманкесине катышса болот.  Толук маалымат www.fifex.org сайтында орун алган. 

Бул тууралуу маалыматты Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги Маданият жана маалымат кеңешчилиги билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости