www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Үй-бүлө министрлигин түзүү керек. Мындай пикирин Социология илимдеринин кандидаты, доцент Самарбек Сыргабаев билдирди. 

Японияда суицид чоң көйгөй болгондуктан, өлкөдө жалгыздык маселелери боюнча министрлик пайда болгонун мисал катары айтты.

Сыргабаев белгилегендей, Кыргызстан келечекте өзүнүн тамырына, улуттук иденттүүлүгүнө гана таянышы керек. Учурда ааламдашуу доорунда өз тамырына таянуу актуалдуу болуп баратат.

Ал эми саясий илимдердин кандидаты, доцент Бактыбек Сейитбаевдин баамында, Кыргызстанда жаңы муун көбүрөөк либерализмге жакын болот.

«Жаңы муун мурдагыларга караганда чет мамлекеттерди көргөн, билимдүү. Алар бийликтин үч бутагынын болушу, сөз эркиндиги, менчиктин түрдүүлүгү, кыскасы, демократиянын принциптерине жакын. Көпчүлүгү консерватизмден алыс», — дейт Сейитбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости