www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд облусунун Тайлак районунда үч окуучу кыз кош бойлуу болуп калган. Бул тууралуу аталган облустун саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкери билдирди.

Атын атагысы келбеген кызматкердин айтымында, буга байланыштуу учурда Тайлак районунда 7-8-9-класстарда окуган кыздар жапырт түрдө УЗИге жөнөтүлүүдө.

Бул маалыматты кош бойлуу кыздар аныкталган мектептин мугалими да тастыктады.

– Бул окуя боюнча мектепте жыйналыш өттү. Окуучулардын арасында боюнда болуп калгандар бар экен, бирок алардын так саны белгисиз. Азыр ал кыздардын бирин күйөөгө беришүүдө. Башкаларын билбейм, – деди ал.

Буга чейин Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева 2019-жылдын алгачкы алты айында эле жашы жете элек 46 кыздын боюнда болуп калганын, бул мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32 учурга көп экенин айткан.

Последние новости