www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юридика илимдеринин доктору, профессор, КРнын эмгек сиңирген юристи  Кайрат Осмоналиевге чындык ким тарапта, ким  туура эмес цифраларды айтып, элдин башын айлантып жатканы тууралуу кыска гана жооп берүүгө туура келип жатат. Себеби, Осмоналиевдин “Vesti.kg” маалымат агенттигине берген маегине жана ошол маекти коомчулукка жайылткан “Регион” телеканалынын  “Кыргызстан миллиард сомго жакын акчадан нефти тармагындагы алешемдиктен улам куру калып келет” деген  көлөмдүү көрсөтүүсүндө айтылган айрым маалыматтар, келтирилген цифралар реалдуулукка дал келбесин билдирген макаланы “ring.kg” маалымат сайтына жарыяласам, профессор ага чычалап, өз жообун узатыптыр.

Урматтуу Кайрат Медербекович, сиз менин мурун ким да, азыр ким экениме кызыгыптырсыз. Мен көчөдөн же башка тармактан журналистика чөйрөсүнө адашып келип калгандардан эмесмин. ЖОЖдо 5 жыл журналистика факультетинде окуп, диплом алып, 3-курсумдан баштап басма сөз тарабында иштеп, редакторлукка чейин жеткен кесипкөй журналистмин.  Сиз чийки нефти маселесине жаңыдан кызыгып жатсаңыз, мен бул тема тууралуу 2010-жылдан бери жазып жүрөм. Эмгек сиңирген юрист же профессор айткан турбайбы деп жалган-чыны аралаш маалыматтарды көрсөм дагы көрмөксөн болуп олтурууга адамдык дит жол бербейт. Мени “Кыргызнефтегаздын” (КНГ) жетекчилигин актоого аракет жасаптыр деп жазыптырсыз. “Осмоналиевдин ак жүрөктүүлүгүн башкалар бөлөк максатта колдонгусу келип жаткандай” деген макаланы дагы бир жолу, жакшы түшүнбөсөңүз үч жолу кайра-кайра кайталап окуп чыгууңузду өтүнөт элем. Ошол жерде КНГнын жетекчилигин актоо же аларды коргоо тууралуу бир сүйлөм жазылыптырбы? Тескерисинче, сизге маалымат бергендер туура эмес цифраларды айтышып, чындыктан оолактатып, сиздин колуңуз менен чок кармагысы келип жатканы айтылып, сизге жан тартуу күчтүү болуп жатпайбы.

Үлкөндөрдүн фамилияларын колдонуп деп таң калыптырсыз. Бул фамилиялар эмне үчүн айтылганына баш оорутуп, себебин түшүнбөй жатсаңыз өзүңүздүн “Фейсбук” баракчаңызга өзүңүз жарыялаган “Регион” телеканалы  даярдаган видео материалына бир жолу көз жүгүртүп койбойт белеңиз! Ошол видео материалда Россия жана Казакстан тууралуу сөз болуп “Ушул эки өлкө тең Кыргызстанга нефти продукцияларын кошумча алым менен сатышат, чийки нефти эмес” деп баса белгиленип жатат. Россия бизге 2010-жылдан бери нефть продукцияларын мамлекеттик алымсыз сатып келгенин сиз кантип билбей каласыз? Ушул чындыкты айткан менин макалам жалган болобу же сиздин сөзүңүздү берген “Регион” телеканалынын видео материалыбы урматтуу юрист мырза? Сиз берген маекке окшоп айтканым куру сөз болбосу үчүн  Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти болуп иштеген, мурунку вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун маегинен үзүндү келтирип, орус өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри болгон Сечин, каржы министри Кудрин баштаган топ менен кандай жолугушуу болгонун, бир тонна күйүүчү майга коюлган 193 доллар мамлекеттик алым кантип биротоло алынып салынганын далил катары көрсөтүп жатам. Кызыксаңыз, Базарбай Мамбетовдун маегин толугу менен колуңузга дагы карматам. Сиздин маегиңиз катары көрсөтүлгөн  видео материалдагы айтылган билдирүү толугу менен калп экенин Мамбетов дагы тастыктап бере алат.

“Мен сизге окшоп жеке адамдардын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп жатам” деп күйүптүрсүз. Менин макаламда КНГнын жетекчилигин күнөөлөөгө эмес, стратегиялык сырьё мамлекеттик алымсыз чыгарылып жатканына басым жасалат деген пикириңизди айтыптырсыз. Заматта эки башка түрлөнүүнүн да чеги болот. Эгер сиз КНГнын жетекчилигин күнөөлөбөсөңүз  “Vesti.kg” маалымат сайтындагы “... деятельность чиновников «Кыргызнефтегаза» диверсией и преступлением под прикрытием договор...” деген сөзүңүздү журналист өзү эле ойдон чыгарып жазып салдыбы? Бул айтканыңыз далили жок башка бирөөлөрдү күнөөлөө эмеспи? Мунуңузду кандай түшүнсө болот? Же сиз бүгүн бирди айтып, эртең башкача сүйлөп кете бере тургандардансызбы?

Менин макаламда КНГнын ишмердүүлүгүнө басым жасалып, акыркы 3 жылдын ичинде мыйзам чегинде иш жүрүп жатканы айтылат. Сиз болсо коңшу өлкөлөргө нефти авто унаа менен аткезчилик жол аркылуу ташылат деп ишенимдүү айтып чыктыңыз. Эми болсо КНГ нефтиге экспорттук алымды, сыртка ташууга чектөө коё албайт, ошондуктан аларга карата юридикалык талап коюлушу мүмкүн эмес деп эсиңизге келиптирсиз. Биринчи жарыяланган маегиңизде ушул сөздөрдүн бирөөсүн дагы айтканга жараган эмессиз. Мындай кемчиликти жөнөкөй жаран эмес, эмгек сиңирген юрист кетиргени албетте чоң ката да Кайрат мырза. Же муну дагы моюндабайсызбы?

Эми цифраларга келели. Сиздин биринчи жарыяланган маегиңиздеги жана мага жооп берген макалаңыздагы цифралар карандай калп экенин так цифралар менен тастыктап берейин.  Нефть өндүрүүдөгү жарыялаган көрсөткүчтөр статистика деп мага жооп айтыптырсыз. Ошондой жалган статистиканы даярдагандар (албетте сиз эмес) чыныгы экономикалык абалды көрсөтө алышпай жатышканы бүгүнкү күндүн айныгыс чындыгы.

2018-жылы 200 000 миң тоннадан ашык чийки нефть өндүрүлүп, КНГнын үлүшү 80 000 миң тоннаны түзгөн деп маалыматты так билген адам болуптурсуз. Бул тармакка кызыкпаган адам чын эле ушундай болгон турбайбы деп ишениши толук мүмкүн. Бирок, мага окшогон маалыматы бар адамдар сиздин айтканыңыз калп экенин дароо эле түшүнүшөт. 2018-жылы 209,5 миң тонна чийки нефть өндүрүлгөн болсо, КНГнын үлүшү сиз айткандай 80 миң тонна эмес, 126 миң тоннаны түзгөн. Муну өлкөдөгү маалымат каражаттарынын көбү чоң жетишкендик деп жарыялаган. Бул сиздин цифралар боюнча оркоюп көрүнгөн калпыңыз.

2019-жылы болжол менен 220 миң тонна чийки нефть өндүрүлүп, экспортко 100 миң тоннадан ашык нефть кеткен деп кайдагы статистиканы айтып жатасыз? 2019-жылы жалпысынан 236,6 миң тонна нефть өндүрүлүп, КНГнын үлүшү 140,1 миң тоннага жеткен. КНГнын лицензиялык аймагында иштеп жаткан инвестициялык компаниялар 96,5 миң тонна нефть өндүрүп, анын 23,1 миң тоннасы коңшу өлкөлөргө сатылыптыр. Тажикстанга 13,9 миң тонна, Өзбекстанга 9,2 миң тонна. Калганы ички рынокто же болбосо өзүбүздөгү эле нефтини кайра иштетүүчү заводдорго сатылган.  100 миң тонна нефть экспорттолуп сыртка чыгып кетти деп кайсыл нефтини айтып жатасыз? Ушул маалыматтарыңыз жалган экенин көзгө сая көрсөтүп койгонума мынча неге чычаладыңыз? Чындык ушундай ачуу болот. Керек болсо баарынан кыйынмын деген “докторлорду” дагы чындыктын күчү азапка салат. Стратегиялык сырьёлорго экспорттук алым коюлса, экономикабызга киреше түшмөк деген оюңузду мен дагы чын дилимден колдойм. Экономикабыз тикелеп турушун мен дагы каалайм. Бирок, ошол ойду так маалыматтар, такталган цифралар менен жеткирсе неге болбосун?! Сөзсүз болот да урматтту эмгек сиңирген юрист.  

Кечээ күндөн бери өзүңүздү чындык үчүн күрөшкөн адам катары көрсөтүп, маалымат агенттиктерге “мени жалган маалымат таратты деп жоопкерчиликке тартышканы жатышат” деген маалымат берип жатасыз. Мында дагы өзүңүз жарыялаган маалыматыңыз менен маалымат агенттиктерге айткан сөзүңүз эки башка чыгып жатпайбы. “Кыргызнефтегаздын” жетекчилигинин арызы боюнча мен аларды каралаптырмын деп билдиргенсиз маалымат агенттиктерине. Бирок, өзүңүздүн “Фейсбук” баракчаңызга жарыялаган Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин  документинде  сизге карата жалган маалымат таратты деген арыз менен “Кыргызнефтегаздын” жетекчилиги эмес, андагы профсоюздар комитетинин төрагасы Раимкулов А.Б. кайрылды деп көрсөтүлүп турбайбы. Профсоюздар комитети менен ишкана жетекчилигинин ортосундагы укуктук мамилени башкалар билбесе да сиз билишиңиз шарт эле го. Анткени, КРнын “Кесиптик кошуундар жөнүндө” Мыйзамынын 1, 4- беренелеринде профсоюздун маани-мазмуну жана алардын көз карандысыздыгы көрсөтүлгөн. Ага ылайык профсоюздар өз ишмердүүлүгүндө КРнын мыйзамдарына гана баш ийип, бир дагы мамлекеттик бийлик органдарына отчёт бербейт жана көзөмөлдөнбөйт.

Сизге карата арыз менен кайрылган  “Кыргызнефтегаздын” профсоюздар комитетинин төрагасы Раимкулов А.Б. ошол жерде жайдын ысыгына, кыштын суугуна карабай иштеген жумушчулардын эмгектерине сиз айткан маалыматтар кара көлөкө түшүрүп жатканына күйүп, эмгекчилердин укугун талашып, чындыкты коомчулукка жеткизүүгө аракетин көрүп жаткандыр.

Кайрат Медербекович, “Мен куру сөздү эч качан айтпай турганымды далилдей алам” деп айтып жатпайсызбы. Туура, ар бир адам айткан сөзүнө жооп бериш керек. Айткандары куру доомат, карандай калп болсо өз жоопкерчилигин алууга да милдеттүү. Азыр сиздин айткандарыңыз боюнча сотко чейинки өндүрүш иши гана башталыптыр. Айткандарымды далилдей алам деп жаткан соң, териштирүү иштеринде деле чындык сиз тарапта экенин тастыктаганга мүмкүнчүлүгүңүз бар да. Эч нерсе боло электе эле ызы-чуу салуу эч кимге абийир деле алып келбейт. Эгер сизге карата башталган териштирүү иши сотко чейин жете турган болсо, журналист катары ошол ишти баштан аяк чагылдырып, эч бир тарапка тартпай, сиздин айткандарыңыз чындык же калп экенин коомчулукка жарыялаганга дагы даярмын. Ушуну менен экөөбүздүн алым-сабак айтышканыбыз токтосо керек деп ойлойм. Өзүңүз билгендей чындык бирөө эле болот эмеспи. Кимибиздики чын да, кимибиздики калп экени сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө такталат деген ойдомун.

К. Тагаев   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости