www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самат Кылжыев үй камагына чыкты

Өкмөт аппаратынын мурдагы башчысы, радио жыштыктар чатагына байланыштуу кармалып, камакка алынган Самат Кылжыев үй камагына чыкты. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 25-февралда кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөттүк аппараттын мурдагы башчысы Самат Кылжыев былтыр 11-ноябрда радио жыштыктарды сатуудагы коррупцияга айыпталып кармалып, Улутук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.

2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы ачыкка чыгып, бул боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган.

Кылмышка шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова, Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин орун басары Максат Жылышбаев баштаган бир нече кызматкери, «Ала-ТВ» ишканасынын негиздөөчүсү Артур Халдаров, компаниянын дагы бир кызматкери Дмитрий Ветлугин кармалган.

Булардын ичинен Наталья Черногубова тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишимге байланыштуу декабрдын башында үй камагына чыгарылганы мурда кабарланган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости