www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сарык оорусунан сак бол...

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда он айда гепатитти 6600 киши жугузуп алган. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 10,2%га аз. Алардын 94%га жакыны илдеттин А түрүнө кабылгандар. Өткөн жылдын ушул маалында вирустук гепатиттин 7200учуру катталган.

Гепатит дарты боорду жабыркатып, адамды алсыратат. Жалпы катталгандардын басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт. Вирустук гепатит А оорусунун булагы оорулуу адам болот. Оору турмуш-тиричиликтеги катнаш, байланыш жолу менен тазалык сакталбаган учурларда, кир кол, кир суу, ошондой эле тамак-аш азыктары аркылуу жугушу мүмкүн. Оору сезондук мүнөздө болуп, негизинен жогорку көрсөткүчтөр күз-кыш мезгилинде катталат. Медициналык жол менен же таза эмес ийне аркылуу дүйнөдө жыл сайын 2 миллионго жакын кишиге гепатиттин В, С жана D түрлөрү жугат.

Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат.

Республика боюнча он ай аралыгында инфекциялык көзөмөл боюнча 3800 пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча 511 адамга административдик чара көрүлдү. 1,5 млн. сомго жакын айып пул салынды. Төрт уюмдун иши убактылуу токтотулду, 1967 санитардык жактан көрсөтмөлөр берилип, 37 адам эскертүү алган.

Кыргызстанда ушул жылдын январь-сентябрь айларында 460 миңге жакын адам чакан насыя берген компаниялардан баш-аягы 22 млрд. сом насыя алды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, муну менен чакан насыя алгандар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайызга, ал эми берилген насыя 32,8 пайызга көбөйдү.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости