www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиянын Жидда шаарында өлкө падышасынын жан сакчысы генерал-майор Абдул-Азиз аль-Фагхем өлтүрүлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ал досунун үйүндө атылган. Аткан адам – үй ээси менен жан сакчы экөөнүн Мамду аттуу жалпы таанышы. Бул күнү коноктор ортосунда чыр чыгып, Мамду таарынып кетип калган да, кайра курал көтөрүп келип, конокторду аткылап баштаган.  Падышанын жан сакчысы каза болуп, дагы экөө жаракат алган.

Мамдуну полиция келип атып өлтүргөн, ал колго түшүп берүү сунушуна көнгөн эмес.

Абдул-Азиз аль-Фагхем Сауд Арабиянын мурунку падышасы Салман ибн Абдул-Азиз ибн Абдуррахман Аль Саудга да кызмат кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости