www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Конгресси тарабынан каржыланып, Кыргызстандын маалыматын калыс таратууга милдеттүү “Азаттык” үн алгысын акыркы мезгилде анын башында турган Венера Жуматаева чынжырлап алгандай, "Азаттык" кайсы убакта кимге “үр” десе, ошого үрө турган Венера айымдын пультуна айлангандай.

Пульт демекчи Венера Жуматаева деги кимдин пульту. АКШнын Конгресси президент Трамптын импичменти менен алышып жаткан учурда, азыр АКШнын жүрөк өйүүсү Орусия Федерациясы болуп жаткандыктан, Кыргызстанда болуп жаткан маселелер, АКШны жана анын Конгрессин көп деле кызыктырбайт. Ошондуктан, азыр Венера Жуматаева “Азаттык” үн алгысы менен  АКШ Конгрессинин пульту деп айтуу бул күлкү келтирерлик. Венера Жуматаеванын өзүм билемдик иштерин АКШ Конгресси билбейт, алар президент Дональд Трамп дөөрүп койгону үчүн аны кетиребиз деп турушат. “Азаттык” үн алгысынын төбөсү болгон Прагада беш адамды АКШнын бюджети болуп көрбөгөндөй чоң суммадагы долларлар менен багат. Бул жерде иштегендердин төртөө Венера Жуматаеванын жакындары, жердештери, көлдүктөр экенин АКШ Конгресси билсе ичи өтүп кетип, эбакта аны кызматынан кетирмек. Аларга бул кабар жете элек, бирок Кыргызстандагы АКШнын элчилиги тарабынан эртеби, кечпи жетиши ыктымал.

Ал эми Жуматаеваны азыр убактылуу камакта жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пульту деп койсо болот. Ошондуктан, бүгүн Кыргызстанда стабилдүүлүктү эмес, ызы-чууну каалап турган каргашалуу күчтөр  Венера Жуматаеваны “Азаттык” үн алгысы менен кайсы чуңкурга болсо да түртүп жатышат. Эмнеге ал “Азаттык” үн алгысы менен калпка да, бардыгына макул, себеби тиешелүү маалыматтарга таянсак Венера Жуматаеваны “музоо кезинде“ эле Атамбаев сүзүп койгон.

Венера Жуматаева журналистикага бир тууган таякеси Жыпар Жекшеевдин аркасы менен келген. Жыпар Жекшеевдин мурункусун айтпай эле койолу, Атамбаевдин заманында КТРКнын Байкоочулар Кеңешине кирип, ал эмес аны жетектеп, Атамбаевдин КТРКдагы кулагына айланган. Азыркы мамлекет башчысынын демократиялуулугунан Жекшеев КТРКнын Байкоочулар Кеңешине кайрадан төрага болуп шайланганы менен ичинде “ит ойноп” жатканы көп кырдаалдарда белгилүү болду. Ал Атамбаев баш көтөргөн Кой-Таш сыяктуу Кыргызстан үчүн оор кырдаалдарда жыландын башын кыйытып, Атамбаевди колдоп жатканы, кокус колубузга кайрадан бийлик тийсе барыңарды күм-жам кылам деген эле кеп эмеспи?

“Азаттык” үн алгысынын башкы возуйпасы калыстык, ал бийликке да жана башка күчкө да карабаш керек. Муну Азамат Алтайдан баштап Салижан Жигитов сыяктуу кыргыз азаматтары мазесин чыгарып туура аткарышкан. Булардын ал кездеги эч ким сындай албай турган президент Акаевдин командасын сындап, ал эмес премьер-министр Николай Танаевдин: “Биз бийлик маалыматтан жеңилип калдык” – деп мойнуна алганы ачуу чындык. Бакиевдик бийликтин учурунда да “Азаттык” оппозиция менен бирге бийликке каршы улуу рупорго айланган. Ал эми Атамбаев бийликке келер менен Венера Жуматаеваны сатып алып, өзүнүн пультуна айланткан, сөзүбүз калп болбос үчүн себептерин айта кетели:  

  1. Атамбаевдин заманында деле “Азаттык” үн алгысы “жылма маалыматтарды” берип, Атамбаевге жакпай калган саясатчыларды бүркүт, коенду тепкилегендей тепкилеп турган. Атамбаевге сын айткандар тууралуу “Азаттык” үн алгысы оозуна талкан толтуруп алгансып унчуккан эмес. Бул тууралуу Атамбаевге каршы сын айткан көпчүлүк журналисттер билебиз.
  2. Венера Жуматаеванын Атамбаевдин кол баласы, учурунда УКМКнын төрагасына чейин жетип мамлекеттин бир кулагын чоюп калган Абдил Сегизбаев менен бирге окушкандыгы, анын Атамбаевдин пультуна айлантканынын бир себеби.
  3. Атамбаевдин көрсөтмөсү менен анын дагы бир кол баласы Фарид Ниязов Венера Жуматаеванын ар бир сунушун аткарып, ал эмес ал келген учурда мамлекеттин президенттери келгендей эле тосуп алчу дешет. Ошондуктанбы, КТРКда продюссер болуп иштеп турган күйөө баласы Өмүрбек Сатаевге кошумча кызмат таап берип, АКШ Конгресси берген акчадан жеп турсун деп “Азаттыктан” акча жедирип койгон. Эмне “Азаттыкта” Ниязов менен Жуматаеванын гана кишилери иштеш керекпи?
  4. Дудуктан башкасынан барына белгилүү Абдил Сегизбаев менен достугунун, Фарид Ниязовдун кол куушурусунун негизинде Венера айым мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда андан түрдүү баалуу белектерди: хансарай, кымбат баалуу машина жана башкаларды алып турган дешет. Андан сырткары айына 10 миңден 15 миң долларга чейин «айлык акы» алып турганы айтылууда. Буга чейин ага Алмазбек Атамбаев убагында Бишкек шаарынан баасы 350-400 миң АКШ долларын чапчыган хансарай белек кылганы, аны Венера айым уулу Эрмек Жуматаевге каттатып койгону тууралуу маалымат булактары жазып чыккан.

Азыркы заманда Атамбаевге жакпаган адамдарды каралап коюу, бул “Азаттыктын” түз милдетине айлангандай. Журналист Али Токтакунов Венера Жуматаеванын “буюртмасы” менен Раим Матраимовго ар кандай жалааларды жаап, бирок эч кандай далили жок, Венера Жуматаева тынчып калган. Эми кайрадан Венера Жуматаева матч-реванш алып «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов аркылуу жалаа жаба баштады. Башкасы билбесе да Венера айым мыйзамды билиш керек. ММК каражаттарынын мыйзамы боюнча жеке үйдү тартуу үчүн ошол үйдүн кожоюнунан уруксат алыш керек. “Азаттыкка” өз билемдикке салып, ар кимдин үйүн тарта беришке ким уруксат бериптир? АКШ Конгрессиби?

Эч кандай уруксат алышкан эмес. “Азаттык” мыйзамды бузуп өз билемдик кылган. Дрону менен мыйзамды бузуп жеке үйдү тартып жүргөн жигиттер бирөөнүн жеке менчигин мыйзамсыз тартканы үчүн дронду жана пультун алып коюшкан. “Азаттыктын” журналисттери милицияга арыз жазган. Ал эми “Азаттык”: “Биздин кымбат баалуу аппаратыбызды карактап кетти” - өз окурмандарына чымынды "пил" кылып маалымат тараткан.

Али Токтакуновдун сөзү эки ача чыккандай эле, Айбек Кулчумановдун сөзү да эки ача чыгып, “эртең менен саат 7де шаарды тартып жүргөнбүз” деп жатыптыр. “Таппасаң сыйпалап кал” Матраимовдун үйүнөн башка жерге барып шаарды тартса болбойт беле? 

Эң башкысы Кыргызстанда Райым Матраимовдон башка БАЙЛАР жокпу? Матраимовдорго караганда Шаршенбек Абдукеримов, Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов, Акылбек Жапаров, Алтынбек Сулайманов, Камчыбек Жолдошбаев, Бакыт Төрөбаев деген аттуу-баштуу байлар бар...Так ушулар мамлекеттик кызматты аркалап турушат...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости