www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шейшенби күнү 16-апрелде «Северэлектро» ААКнын борбордук кабелдерди оңдоо кызматынын электр куроочулары Бөкөнбаев/Логвиненко көчөлөрүнүн участкасында жаңы кабель тартууга траншея казып жатышат. Жалпы бул участокто узундугу 1970 метр болгон 5 кабель алмаштырылат. Эски кабелдер 1956-1970-жылдары салынган, өткөрүмдүүлүгү (120-150 мм²) да аз болуп, азыркы шартка туура келбейт. Азыркы салынып жаткан, Россияда өндүрүлгөн кабелдин өткөрүмдүүлүгү 185 мм² болуп, эски кабелге караганда өткөрүмдүүлүгү бир топ жогору.

«Северэлектро» ААК 2019-жылдын аягына чейин 52,7 чакырым 6/10 кВ чыңалуудагы эски кабелдерди алмаштырууну пландоодо. Азыркы тапта  Бөкөнбаев/Логвиненко, Тыныстанов/Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн участкаларында кабель алмаштыруу иштери жүрүп жатат. 6/10 кВ кабель алмаштыруу иштеринен тышкары Бишкек шаарында 35 кВ чыңалуудагы жаңы кабель линияларын куруу алдында турат. 2019-жылы Бишкек шаарында 35 кВ чыңалуудагы эки чакырым кабель курулат.

Маалымкат

«Северэлектро» ААКынын балансында Бишкек шаары боюнча 955 чакырым  35/10/6 кВ чыңалуудагы кабелдик линиялар бар. 2012-2018-жылдары борбор калаабызда жер астындагы 174,6 чакырым жер астындагы кабелдер реконструкция болгон.

 «Северэлектро»ААКнын Басма Сөз кызматы

Website: se.kg

www.facebook.com/ОАО «Северэлектро»

Одноклассники: https://ok.ru/oao.severelektro

YouTube: распредкомпанияСеверэлектро

2ГИС: Северэлектро

E-mail: severelectro@mail.ru

Tel:  +996 33 85 97

Fax: +996 33 87 38

Булак: NazarNews.kg

Последние новости