www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катыша туран партиялар иш-чаранын боло турган күнү расмий жарыяланганга алты ай калганда каттоодон жана кайра каттоодон өтүп бүтүүсү зарыл. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.

Мындай чечим  "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 60-беренесине негизделген.

Эрежеге ылайык, Юстиция министрлиги шайлоо белгиленген күндөн тарта үч сутканын ичинде каттоодон өткөн партиялардын жетекчилери тизме түзүп, БШКга жөнөтөт.

Ал эми талапкерлердин тизмеси боюнча чечим жашыруун добуш берүү жолу менен саясий партиянын съездинде ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоонун болжолдуу мөөнөтү — 4-октябрь. Аны так белгилөө боюнча чечим 26-июндан 6-июлга чейин кабыл алынат. Юстиция министрлигинин билдиргенине караганда, өлкөбүздө 400дөн ашуун саясий партиялар катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости