www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште балык уулоо жүрүмүн укуктук жактан жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – Жогорку Кеӊештин депутаттары Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору суудагы биологиялык ресурстарды, алар жашаган чөйрөнү сактоо, курчап турган чөйрөнүн жагымдуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Балык уулоочу торлор даярдалган синтетикалык материалдар бекем, сууда чирибейт. Ал көлдөр менен көлмөлөрдө өлгөн жаныбарлардын топтолушуна, экологиялык абалдын бузулушуна алып келет. Ошондон улам, мындай каражаттарга тыюу салуу демилгеси сунушталууда.

Андан тышкары, мыйзам долбоору аркылуу юридикалык мааниге ээ болгон айрым бир түшүнүктөр да ачып көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду. Алсак, «балык уулоочу синтетикалык торлор», «электр менен кармоочу тутумдар» сындуу жаӊы түшүнүктөр сунушталууда.

Баяндамачы кийинчерээк синтетикалык торлор менен балык кармоого тыюу салган мыйзам долбооруна улай, “мыйзамсыз балыкчылардын” жоопкерчилигин караган дагы башка бир катар мыйзам долбоорлору сунуштала турганын билдирди. Ал өкмөт өкүлдөрүн бул багытта биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Өткөндө, мыйзам долбоорунун концепциясы каралып жатканда, Сайдулла Нышанов, Мирлан Бакиров, Бактыбек Турусбеков баштаган бир топ депуттар мыйзам долбоору өлкөнүн экологиялык коопсуздугун сактоо үчүн өтө зарыл экенин, алтургай кечигип келип жатканын белгилешкен. Алар балык уулоонун динамит жардыруу сындуу коркунучтуу амалдары бар экенин эске салышып, келерки окууга чейин мыйзам долбооруна ошолорду да камтуу зарылдыгын белгилешкен эле.

Жогоруда аталган мыйзам талаптарын бузган адамдарга карата жоопкерчилик чаралары каралган “Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске, Жазык-процесстик кодексине) мыйзам долбоору да экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости