www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"ЭлТР" МТРК башкы директорунун орун басары Жумамидин Сулайманкулов, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районуна Бишкек баатырдын эстелигин тургузуу тууралуу демилгелүү топ иш жүргүзө баштагынын билдирди.

--Борбор шаарыбыздын атын алып жүргөн Бишкек Баатыр, Ала-Бука өрөөнүндө туулган. Анын эстелигин райондун кире беришине тургузуу боюнча райондогу демилгелүү топ, аксакалдар эскизин чийип, даярдап, сметасын түзүп көптөн бери көтөрүп жүрөбүз. Акимчилике, Алабукалык эки ЖК депуттартына ушуну колдоп тургузуу боюнча сунуш айтып келе жатабыз. Бирок алардын угуп койгону эле болбосо колдогон эч ким жок болуп жаткандыктан долбоор ишке ашпай турат. Эстеликти КР эмгек сиңирген скульптор Алабукалык Садабек Ажиев өзү жасап берүүнү болгону ал жерде иштегендердин кызмат акысын жана курулуш материалдарын алып берүү үчүн каражат керектигин айтканы менен анын чечүүнүн жолун таппай жатабыз. Смета боюнча жалпы баасы 6 млн сом. Бирок скульптор болгону 2 млн сомдой каражатка бүтүрүүгө болорун айткан. Өзүнүн эмгек акысын кошпой эле. «Ушул сыймыгыбызды барктай даңктай албай жатабыз. Атайын ММКлардан ушул маселени көтөрүп айтсак, уялган бирөө жарым чыкса ушул иш бүтүп кетет беле?», деп "ЭлТР" МТРК башкы директорунун орун басары Жумамидин Сулайманкуловга жергиликтүү аксакалдар келгенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости