www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги машыктыруучу, чемпион Шайлообек Атазовду кепке тартып, президенттик шайлоо боюнча пикир алыштык.
- Шайлообек мырза, сиздин оюңузча эмне үчүн ырчысы, куудулу, көзү ачыгы, эки сөздү эптеп жаза албаган акылы тайкысы деле президенттик кызматка ашыгып, шайлоого аттанып жатышат?
- Мен президенттикке аттангандардын айрымдарын көрүп, иренжип отурам. Кыргызстанда өзүнүн деңгээлин билбеген адамдар бар экен. Ошон үчүн уялбай-этпей эле президенттик такка ашыгып жатышат. Чынында президенттик кызмат кой кайтаргандай жумуш эмес да. Ал даражалуу кызмат го. Анын баркын, баасын кетирип, акыбалына карабай каттоодон өткөндөр көп болду. Ачыгын айтсак, президент болот элем деп чамынгандар чын эле 30 миң кол топтоп, күрөөгө койчу каражатты таба алабы аны Кудай билет.
- Кыргызстанда президенттик кызматтын баркы кеткенби же бизде акылына, мүмкүнчүлүгүнө карабай эле баары президент болгусу келе береби?
- Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлерди тандоо боюнча мыйзамдарды өзгөртүү керек. Маселен, президент болчу адамдардын мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы, жогорку билими, баскан жолу, эл үчүн кылган эмгектери, тазалыгы, эл арасындагы кадыры эске алынуусу зарыл. Антпесек акыбалына карабай президент болом дегендер чыга берет.
- Чыныгы атаандаштык кайсыл талапкерлердин ортосунда болот деп ойлойсуз?
- Менимче, президенттик так үчүн чыныгы атаандаштык 3 адамдын ортосунда болот. Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров жана Канат Исаев. Андан тышкары жаштар арасынан суурулуп чыгып келе жаткан Бактыбек Калмаматов да жакшы добуш алат деп ойлойм. Себеби, таза, билимдүү, курч жигит.
Булак: NazarNews.kg