www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК мүчөсү Искандер Гайпкуловдун айтуусунда, Табылды Акеровго тиешелүү «Ак асаба» партиясы менен кошо «Жашасын Кыргызстан» партиясына бут тосулмай болду. Бул эки партия БШКга документтерин кечигип тапшыргандыктан, шайлоого катышпайт. Кыргызстанда парламенттик шайлоого кайсы партиялар катышаары иреттелүүдө.

Жетинчи чакырылыштагы депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 28-ноябрында болот. Саясий партиялар талапкерлер тизмесин жана башка керектүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоодо эпидемиялык кырдаал эске алынып, тиешелүү чаралар көрүлөөрүн ЖМКларга билдирген. Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаалдан улам санитардык-гигиеналык талаптарга өзгөчө көңүл бурулат.

“Шайлоодогу бардык баскычтарды эске алып, ошого жараша иштер жасалат. Эң биринчи кезекте жарандардын ден-соолугуна зыян келтирүүчү тобокелдиктер жөнгө салынат. Андыктан ар бир баскычта санитардык-эпидемиялык чаралар боюнча комплекстүү иштер жасалат. Атайын алгоритм да иштелип чыккан. Добуш берүү күнү өзгөчө көңүл бурулат», - деди Шайлдабекова.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости