www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украинанын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү аракеттерине көмөктөшүүнү улантат. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 19-октябрда Киевде украин кесиптеши Андрей Таран менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында айтты.

"Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө карата АКШнын колдоосу бекем. Биз кайрадан Орусияны - Крым оккупациясын, Украинанын чыгышындагы согушту козутуу аракеттерин жана Кара деңиздеги дестабилдештирүүчү ишмердигин токтотууга чакырабыз", - деди Остин.

Пантагондун башчысынын Киевге сапары Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен Орусия колдогон жикчилдердин Донбасстагы кармашы дагы деле уланып жаткан учурга туура келди. 2014-жылдын апрель айынан бери Украинанын чыгышындагы бул куралдуу уруштан 13 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

АКШнын коргоо министри бул согушту Орусия баштаганын, ал Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу аракеттерине тоскоол болуп жатканын кошумчалады. Москва бул жаңжалга байланыштуу Батыштын айыптоолорун четке кагып келет.

Остин Украинага жасаган сапары алдында Тбилисиге барып, Вашингтон Грузиянын куралдуу күчтөрүн дагы колдоону улантаарын айткан. Ал Грузия менен Украинадан кийин Румынияда да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң 21-22-октябрда НАТОнун коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынына катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости