www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара чыры: Элден чогулган акча кайда жумшалганы айтылды

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү куралдуу кол салуудан жабыркаган тургундарды жана айылдарды калыбына келтирүү үчүн элден чогултулган каражаттын сарпталышы тууралуу маалымат берди. Билдирүүгө ылайык, облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 119 миллион 695 миң 848 сом келип түшкөн. Бүгүнкү күндө анын 65,4 миллион сому калды.

Учурда 52 миллион 98 миң 815 сом төмөнкү жактарга жумшалган.

Лейлек району боюнча:

Баткен, Лейлек райондорундагы 140 үйдүн жылуулук системасын курууга 33 миллион 813 миң 220 сомго келишим түзүлүп, 16 миллион 906 миң 600 сом которулган;

Максат айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 12 миллион 830 миң сомго келишим түзүлүп, 12 миллион 492 миң 551 сом которулган;

Максат айылынын кире беришине арка курууга 1 миллион 798 миң сомго келишим түзүлүп, 899 миң сом которулган;

Максат айылын жарыктандыруу үчүн 7 миллион 181 миңге келишим түзүлүп, 6 миллион 590 миң 600 сом которулган.

Баткен району боюнча:

Таш-Тумшук айылындагы үйлөрдүн короосун тосконго 3 миллион 699 миң 519 сомго келишим түзүлүп, 1 миллион 849 миң 800 сом которулган;

Ак-Сай айылындагы "Сулууданги Ак-Сай" таза cуусун реконструкциялоо үчүн 1 миллион 273 миң 122 сом;

Кагылышуу учурунда шейит кеткен 36 жарандын жакындары үчүн курулган 36 үйдүн канализациясын курууга 8 миллион 681 миң 188 сом;

Ушул эле 36 үйдүн айланасын тосконго жана жылытуу сиситемасына 3 миллион 406 миң 96 сом;

Жаңжал маалында жаракат алган 16 жаранга дарылануу үчүн 1 миллион 570 миң сом;

Чек ара чырында жабыр тарткан айылдардагы балдарды эс алдырууга 229 750 сом.

Облус бийлиги калган каражат элдин сунушу менен атайын комиссиянын тыкыр көзөмөлүнүн негизинде сарпталарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости