www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
(Белгилүү себептер менен каармандардын ысымдары өзгөртүлүп берилди)
Бул окуя жакын арада эле болгон. Бирок ким ишенет, ким ишенбейт ал ар кимдин өзүнүн иши.
Жай мезгилини толуп турган кези. Шамил адатынча кызуу абалында көчөнүн ары жагына бир чыгып, бери жагына бир чыгып өзү менен өзү сүйлөшүп келе жатканын Ишенбек ажы алыстан көрдү. Көргөндө дагы аны шайтан минип алып, өзүнө-өзүн ээ кылбай башкарып келе жатканынан бери даана байкады да, дароо келме келтирип да жиберди. Андан дагы мындай шумдукка күбө болгонго денеси калтырап, өзүн бир башкача сезип кетти. Шамил жакындап келип калган кезде, Ишенбек ажы ичинен дуба окуп, келме келтирип, өзүн карманып туруп калды. Келмени айтканда көзүнө көрүнгөн алиги кара сөлөкөт дароо Шамилдин үстүнөн түшүп кеттиби, ким билет көзүнө көрүнбөй калды. Шамил жакындаганда эле оозунуп салам айтып:
-Байке, кайдан келе жатасыз? -деп сөзгө тартканда ажы күлө карап:
-Шамил, дагы ичип алдыңбы. Азыр барып жатып эс алсаңчы!-деп айтканда Шамил башын чайкап:
-Жок байке, мен азыр эс албайм, эс алгандай чарчап кеткен жокмун-деп тамтаңдап басып жолун улады. Ажыке артын кылчайып караса кара сөлөкөт кайра пайда болуп калыптыр. Ушунча болуп мындай көрүнүшкө туш болгон эмес. Дароо бара турган жолунан бурулуп, Шамилдин үйүнө келип анын байкеси Камилге кайрылды:
-Камил, колуңдан келсе бүгүн түнү мечитке жаткыла же Шамилге жакшылап көз бол. Болбосо иниң Шамилден ажырап каласың. Аны шайтан жандап калыптыр –деп айтканда Камил:
-Макул байке, акыркы күндөрү Шамил такыр башкача болуп, тилимди дагы албай калды. Эч кабатыр болбоңуз, өзүм көз болом-деп айтты. Ажыке башта айткан сөзүн кайталап:
-Камил, дагы айтам, эгер тилимди алсаң мечитке эле барып түнөгөндөй болгула. Болбосо иш чатагына айланат-деп изине түштү.
Шамил кара күүгүмдө келип кийимчен жаткан боюнча эч кыймылдаган жок, бирок кимдир бирөө менен сүйлөшкөнсүп кобуранганы менен бир кыймылдап койгон жок. Камил түнү менен уктабай инисинин жанынан бир кадам жылбай карап олтурду. Бир кезде эмне болуп кеткенин билбейт, көзү илинип кетиптир. Ойгоно калып эле сааты караса, болгону он беш мүнөт гана көзү илинген экен. Бирок төрдө жаткан Шамил ордунда жок. Дароо сыртка атып чыгып, эки жакты караса иниси жок. Ажаатканага кеттиби-деп ал жакка да барып карады, жок. Аңгыча эле короонун эшиги ачылып калганын көрө сала кирип барса, уй байлаган жипке асылып калыптыр. Ушул окуя болорун Ишенбек ажы алдына ала билген үчүн, атайын келип эскерткен эле. Эгер ажынын тилин алып, мечитке барып түнөшкөндө, балким Шамил аман калмак беле ким билет. Бул эми шайтанын азгырыгы экенин эч танып болбойт.
Айткандай таза анан диндин талаптарын туура, так аткарган кишилердин касиети жогору болорун ушундан улам билсек болот, алиги кара сөлөкөт эмне үчүн башка кишилерге көрүнбөйт дагы, бир гана Ишенбек ажыга көрүндү? Анткени ажыке таза адам болгон үчүн деп айтсак аша чаппайбыз...
Укканын жазган Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg