www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо №8 шайлоо округунан аялдардан алдыга чыгып, мандат албай калган Жылдызкан Жолдошова Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу саясатчы Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.
Шайлоодон кийин айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарганы белгилүү болгон.
Баштапкы эсеп боюнча бул округдан аялдардан алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова бул чечимге нааразылыгын билдирип, шайлоо комиссиясын сотко берерин айткан. Ал аталган эки тилкеде жалпысынан 1009 добушу жокко чыгып кеткенин, муну анын парламентке келишин каалабаган айрым адамдар кылып жатканын билдирген.
Жолдошова өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун айткан.
Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алган. Жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы таануу боюнча токтом долбооруна БШКнын 11 мүчөсү макул деген добуш берген.