www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шамен Ормон хандык сүрүп турганда анын тышкы иштерин бүтүрүп турган.Ормон он тогузунчу кылымда бир тараптан Кокон хандыгы, бир тараптан Чын империясы, дагы бир тараптан Орус падышачылыгы географиялык жайланышы жагынан стратегиялык мааниси чоң, бирок бирдиктүү мамлекети жок, уруу-уруу болуп бытыранды жашаган Кыргызстандын жерине көз артып, кысымга ала баштаган кыйын кезеңин баяндайт. Ормон хан башында турган түндүк кыргыздарынын өзүнчө мамлекет болуп, көз карандысыздыгын сактоого жасаган аракетин чагылдырат.Өмүр жолунда жасаган бир катар улуттук маанидеги эрдиктерине карабай, Ормон хан кыргыздардын ич ара чабышында каза болгон. Башкача айтканда, тышкы душмандардын колунан эмес, ички араздашуунун айынан мерт болгон. Ормон баатырдын, жалпылай айтсак, жалпы кыргыз элинин трагедиясы мына ушунда жатат. Ормон сырттан келген жоо менен кармашта эмес, кыргыздардын ички кагылышында азыркы Түптүн баш жагында баткакка батып, астындагы атынан ажырап жөө калганда найзадан өлүм тапкан. Бугуларга турмушка чыккан кызынын колунда катуу жарааттан кансырап, түн ортосунан ооп, жылдыз толгондо дүйнө салган. Дагы бир айтуулар боюнча Ормондун жаны үзүлбөй жатканда бугулар Сарт акенин айтуусу боюнча «жоо келатат» деп айгай салышат, ошондо араң жаткан Ормон ордунан секирип туруп, кана менин курал-жарагым деп ошол бойдон көз жумган экен.
Ормон хандын өлүмү көп кан төгүүлөрдүн башы болуп келген. Байтеректин балалык чагы бугу-сарбагыш чабышына туура келген. Салгылашка кеткен сарыбагыштар дайыма ызы-чуу, өкүрүк менен кайтып келишчү экен. Бул салгылашты сарбагыштар баштап, сарбагыштар көп кырылып калды дечү экен. Орус келгени баягыдай өзүмдү өзүм билем деген күчтүү сарбагыш болуштуктарга чачырап кеткен.
«Кытай толкуса кылым толкуйт» дешкен. Ошондо эле: «Кытай деген - бул казанда мелт-калт толуп турган суу сыяктуу. Суу кайнаса ээ-жаа бербей төгүлгөндөй, кытай толкуса эч кимге ээ-жаа бербейт», - дешкен экен. 1855-1860-жылдары кыргыз эли үчүн өтө оор кырдаал түзүлгөн. Көпчүлүк эл бөлүнгөн, Ормондун кунун кууйм деп жүрүп сарбагыш чачылган. Орусия менен Кытайдын түзүлгөн келишим боюнча сарбагыштардан Ысык-Көлдүн күңгөйү бүт алынган, ал жакта Калыгулга окшогондордун күмбөзү калды. Ормонхандын уулу Үмөталы орус менен урушуп Кытайга кирип кеткен. Үмөталыдан 2000ден ашык түтүнү менен Шамен бөлүнүп чыгып, Орусияга кошулган. Байтеректин жаштыгы ушундай албуут заманга туш келген. Шамендин балдары тың чыгып, Кочкордун бир ыптасында бийликти бербей калышат. Деги эле Бугуда Боромбайдын күнү бүтүп, Тилекматтын Чыныбайы тейлеп калат, Солтодо Жангарачтын күнү бүтүп бийлик Канайдын токолунун баласы Байтикке өтөт.
1815-жылы туулган Куттуксейит уулу Шамен Ормон хан болгон учурда жаш болсо да азыркы Тышкы иштер министринин ролун аткарып, кошуна Кокон, Бухара, Казак хандыктары жана Кытай императору менен мамиле түзүүгө далалат кылган.Ормон хан болгон жылы же тарыхий жактан такталган 1841-жылы Шамен болгону жыйырма бир жашта болгон. Жаш болсо да Ормондун ишенимине жарап, мойнуна тагылган милдеттерди аткарган. Ормон хандын өлүмү көп кан төгүүлөрдүн башы болуп келген. Отуз беш жаштагы Шаменди керээз боюнча Ормон кунду чечсин деп кеткен. Бирок ортодо бугу-сарбагыш чабышы чыгып кеткен. Салгылашка кеткен сарыбагыштар дайыма ызы-чуу, өкүрүк менен кайтып келишчү дейт. Бул салгылашты сарбагыштар баштап, сарбагыштар көп кырылып калгандай. Шамен болгону 21 жашта болсо да Ормондун ишенимине жарап, мойнуна тагылган милдеттерди аткарган. Ормон убагында аз да болсо мамлекет катары тартип орногон. Ал эмес кыргыз-кытай чек аралары такталып, Кытай бийлиги Ормон хандын мамлекетин таанып, мамлекет аралык мамиле түзүү максатында Шамен баш болгон кыргыздардын алгачкы делегациясы Үрүмчүдөгү кытай бийликтери менен чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ормон хан кыргыздар Орусиянын курамына кошулганга чейин эле чүрчүттөрдү чүлүктөп, кытай менен кыргыздардын чек арасын тактап койгон экен. Кытай-кыргыз чек арасын ошондо эле Ормонхан тактаган. Орус баскынчылары барына макул эле, кытайлыктар Нарын бойлой чек ара бөлөлү дешкен. Кийин Шамен баш болгон кыргыз мыктылары мындай келишимге макул болбой каршы чыккан. Ошол чек ара бөлүү иштерине Эсенбай да катышып, Кытай азыркы чек ара менен жер бөлүшүү такталган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ