www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине байланыштуу Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропорту 31-август жана 1-сентябрда өзгөчө режимде иштейт.

Бул маалыматты «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Саммитке 26 өлкөдөн, анын ичинде мамлекет башчылары баштаган расмий делегациялардын келиши күтүлүүдө.

Буга байланыштуу күндүзү үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын кабыл алуу жана жөнөтүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

31-августта чектөө саат 09:00дөн 20:00гө чейин күчүндө болот.

1-сентябрда аэропорт өзгөчө режимде ишин улантып, жүргүнчү каттамдарына чектөө саат 10:00дөн 22:00гө чейин киргизилет.

«Кыргызстан аэропорттору» ААК учурда авиакомпаниялар менен биргеликте каттамдардын расписаниесин макулдашуу жана жүргүнчүлөргө маалымат берүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Авиакомпанияларга айрым каттамдардын убактысын өзгөртүү же зарыл болгон учурда аларды токтотуу сунушталган.

Ошол эле учурда «Манас» аэропорту толугу менен жабылбайт.

Чектөө киргизилбеген убакта, анын ичинде түнкүсүн, жүргүнчүлөрдү тейлөө улантылат.

Аэропорттун жетекчилиги 31-август жана 1-сентябрда учууну пландап жаткан жүргүнчүлөргө каттамынын актуалдуу статусун авиакомпаниядан алдын ала тактап, учуп кетүү жана келүү убактысындагы өзгөрүүлөрдү эске алууну эскертти.

Последние новости