www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-августта, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча өнөктүктүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган Тематикалык коллегиянын жыйыны өттү.
Жыйында Жээнбек Кулубаев бул тарыхый жетишкендикке президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана координациясы, ошондой эле өкмөттүн жана дипломатиялык кызматтын ресурстарын кеңири мобилизациялоо аркылуу жетишилгенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, 2025–2026-жылдары өнөктүктүн алкагында 1500дөн ашык эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, бир катар өз ара сапарлар уюштурулган. Кыргызстандын дипломатиялык делегацияларынын иш сапарларынын географиясы Европа, Африка, Океания, Кариб бассейни жана Латын Америкасына чейин кеңейген.
Мындан тышкары, өнөктүк жүрүп жаткан мезгилде Кыргызстан 15 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Натыйжада өлкө дипломатиялык мамиле түзгөн БУУга мүчө мамлекеттердин жалпы саны 185ке жетти.
Жыйында Кыргызстандын элчилеринин өнөктүккө жана өлкөнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине ийгиликтүү шайланышына кошкон салымы да каралды. Ошондой эле талапкерликти илгерилетүүдө пассивдүүлүк көрсөткөн айрым чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жетекчилерине сын-пикирлер айтылды.
Жыйындын соңунда Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы ишмердиги жогорку жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана практикалык натыйжалуулукту талап кыларын эске алуу менен, иштин негизги багыттары талкууланды.
Мындан тышкары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн кадрдык потенциалын күчөтүү боюнча бир катар чаралар каралды.